Кытайдан чыга албай калган кыргызстандык оор жүк ташуучулар өлкөгө кайтышты

Материал саат 13:25те жаңыртылды.

Кытайга жүк алып келүү үчүн Ош облусунан январдын аягында ондогон оор жүк ташуучу унаалар кирген. Алар жүк алып чыкканча кыргыз-кытай чек арасы жабылып калган.

Айдоочулардын бири «Клоопко» алар Кытайдын Улугчат аймагында калууга аргасыз болушканын айтты. Дээрлик он күндөй Кытайда калып калган айдоочулар 4-февралда Кыргызстандын «Эркечтам» көзөмөл-өткөрмө бекетине келишти.

Оор жүк ташуучулар билдиришкендей, чек аранын ачылышын мейманканалардын биринде күтүп турушкан жана алардын дене табын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү үч маал текшерип турган.

«Өзүбүздүн саламатчылыгыбыз үчүн тез-тез колубузду самын менен жууп, беткап тагып жүрдүк. Тамак-ашты жана бет капты мейманкана берип жатты», — деди айдоочулардын бири. Ал кошумчалагандай, демейде Кытайдан жүк алып келүүгө бир аптадай убакыт кетет.

Учурда 22 айдоочу «Эркечтам» көзөмөл-өткөрмө бекетинде убактылуу жатаканада изоляцияланып турушат. Тиешелүү органдар алардын саламаттыгына текшерүүдө. 

«“Эркечтам” постундабыз. Ошол жерде бизге жатакана даярдап коюшуптур. Текшерип атышат, көпчүлук органдар бар экен. Кимиси кайсы орган экенин сурабаптырмын, бардык мекемеден бар экен. Тамак-ашына бир аз нааразы болуп атабыз. Себеби күчтүү тамактанып көнүп калганбыз. Бүгүн бир кой союп беребиз дешти», — деп билдирди айдоочулардын бири.

Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын айтымында «Эркечтам» аркылуу бир гана жүк ташуучу унаалардын айдоочулары өткөрүлгөн. Ошондой эле алар үч күн бою медициналык кароодо болушат. Учурда айдоочулардан вирустун белгилери аныктала элек.

«Айдоочулар жатакана, ысык тамак-аш, менен камсыз болушууда. Колдон келген бардык чаралар көрүлүүдө. Ошол айдоочулардын ден соолугун текшерип атышат. Бир гана ошолорду өткөрүштү, бөлөк жарандарды өткөргөн жок», — деди Бөрүбаева.

Кыргызстандын чек ара кызматы Кытайдагы Жаңы жыл майрамына байланыштуу 24-31-январга чейин кыргыз-кытай чек арасы жабылганын кабарлаган. Кийинчерээк кыргыз өкмөтү короновируска байланыштуу «Эркечтам» жана «Торугарт» өткөрмө пунктарында көзөмөл күчөтүлүп, санитардык-карантин пунктары иштеп жатканын кабарлаган.

Короновирустун очогу — Кытайдын Хубэй провинциясындагы Ухань шаары. Буга чейин Кытайдын бийлиги 11 млн адам жашаган Ухань шаарын жана башка дагы 10дон ашуун шаарды карантинге жаап, темир жол жана авиа рейстерди жокко чыгарып, шаар ичиндеги транспортту токтоткон.

Акыркы маалыматтарга караганда белгисиз вирустан көз жумгандардын саны 361 адамды түздү. Ал эми бул вирусту жуктургандардын саны 17 миңден ашты. Бул тууралуу Кытайдын Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

Тема боюнча: