Казакстандын Масанчи айылында жаңжал чыкты. Эмне белгилүү?

Масанчи айылы 8-февралда танга маал. Сүрөт: "Азаттык" Казакстан

Кыргыз-казак чек арасына жакын жайгашкан Казакстандын Масанчи айылында 7-февраль күнү кечинде отурукташып калган дунган улутундагы жашоочулар менен башка жактан келген тургундардын ортосунда чыр чыкты. Учурда сегиз адам каза болуп, тургундардын турак жайлары өрттөнгөнү маалымдалды. Бийлик өкүлдөрү чагымчылдыкка алдырбоону эскертип жатышат.

Социалдык тармактагы видео тасма

7-февраль күнү түндөсү соцтармактарда турак жайлар өрттөнүп жатканы тартылган тасмалар тарады. Тасманы таркаткан интернет колдонуучулар кыргыз-казак чек арасына чектеш Кордай районунда казактар менен дунгандардын ортосунда жаңжал чыккандыгын жазышкан. Ал эми Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кордай районунда жапырт уруш орун алып, кийин полиция «кырдаалды жөнгө салгандыгын» кабарлаган.

Кийинчерээк өлкө башчы Масанчидеги чырды «тирешүү» деп баалап, ал эми полиция чыр «70ке жакын агрессивдүү маанайдайгы тургундар чогулганда» башталганын билдирген.

«Чагымчылдар жана чырды тасмага тартып жаткандар тургундарды чагымчылдык аракеттерге үндөп жатышат. Бул нерсе чырдын өрчүшүнө жана жапырт урушка катышкандардын санынын көбөйүшүнө өбөлгө болду. Натыйжада кошуна айылдардан дагы 300гө жакын тургундар келишти», — деди Казакстандын ИИМинин башчысы Ерлан Тургумбаев. Анын айтымында, жаңжалга Аухатты жана Булан-Батыр айылдары да тартылды. Азырынча чырдын келип чыгыш себеби аныктала элек.

Казакстандан Кыргызстанга

Жаңжалда жок эле дегенде 8 адам каза таап, дагы ондогон тургун жаракат алып, көптөгөн имараттар өрттөлдү. Мындан улам соцтармактарда дунган диаспорасынын өкүлдөрү кыргызстандык дунгандардан Масанчинин элин өз үйүндө кабыл алуусун суранып жазышкан. Масанчи айылы кыргыз чек арасына жакын жайгашкан.

Кыргызстандын чек ара кызматы «Кен-Булун-автожол» жана «Токмок-автожол» өткөрмө бекеттеринде Кахакстандан Кыргызстанга өтүүчүлөрдүн агымы көп болуп атканын тастыктады. Чек арадан негизинен аялдар жана жаш балдар өтүүдө.

Казакстандын ЖМКлары чагымчылдыкка алдырбоону эскертип, жаракат алгандардын жана чабуул кылгандардын улуттарын жазбай жатышат. Жаңжалга тиешеси бар делип 50гө жакын адам кармалды. «Массалык башаламандыкты уюштуруу» жана «өлтүрүү» беренелери менен сотко чейинки тергөө амалдары башталды. Ошондой эле «Бейбаштык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Каза болгондорду жерге берүү жана жоготууларды эсептөө үчүн комиссия түзүлдү.