Кыргызстандык сүрөтчүлөр америкалык рэпер үчүн клип тартып беришти

Кыргызстандык сүрөтчү-иллюстраторлор Шахназар Борбоев менен Тилек Асеков Denzel Curry аттуу белгилүү америкалык рэпер үчүн анимациялык клип тартып беришти. Бул клип рэп аткаруучунун «Unlocked» жаңы альбомундагы «ꞌCosmicꞌ.m4a» трегине арналып жасалган.

Рэпер Denzel Curry жана продюсер Kenny Beats 7-январда биргелешкен альбом чыгарышкан. Ошол эле күнү рэп аткаруучунун Youtubeдагы расмий аккаунтунда толук анимацияланган чакан тасма жарыяланган.

Чакан тасманын ар бир сериясы ар кайсы сүрөтчүлөр тарабынан ар башка анимациялык стилдерде жасалган. Сюжет боюнча, эки артист компьютердик дүйнөгө түшүп калып, анимациялык каармандарга айланышат, ал эми фондо алардын биргелешкен тректери ойноп турат.

Шахназар Борбоев өзүнүн инстаграм профилинде казакстандык режиссёр жана клипмейкер Айсултан Сеитовго түзүп берген мүмкүнчүлүк үчүн ыраазычылыгын билдирген.

Кыргызстандык сүрөтчүлөрдө чет өлкөлүк артисттер менен иш тажрыйбалары бар — Шахназар Борбоев менен Тилек Асеков өткөн жылдын декабрь айында MiyaGi (Азамат Кудзаев) аттуу орусиялык рэп аткаруучу үчүн клип тартып беришкен.

Алар буга чейин кыргыз ырчысы Мирбек Атабековдун «Мурас» аттуу ырына арналган клиптин үстүндө иштешкен.