Досторду тамашалоо үчүн бомбанын муляжы жасалган. Териштирүү башталды

УКМКдан билдиришкендей, 9-февралда милицияга батирлердин биринде болуп аткан ызы-чууга арызданган телефон чалуу түшкөн. Телефондо айтылган дарекке келген милиционерлер батирде мас аял менен эркек урушуп атышканын көрүшкөн.

Милиционерлер батирди тинтип жатып жасалма жардыргыч түзмөгүн табышкан — саат механизми бар кутуча.

«УКМК кызматкерлери менен биргеликте кутуну кароодо ал муляж экендиги аныкталды. Аталган муляж тааныштарды тамашага салуу максатында жасалган», — деп билдиришти УКМКдан.

Бишкек ШИИБи аталган фактты КЖБРге каттады. «Атуучу куралды, ошого тете ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыруучу түзүлүштөрдү мыйзамсыз сатып алуу, берүү, сатып өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталды.