«Элдин мүдөөсүн жакшы билет». Разаковдун ордуна Акрам Мадумаров келди

Жаңы вице-премьер-министр Акрам Мадумаров. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Президент Сооронбай Жээнбеков Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаровду вице-премьер министр кызматына дайындады. Ал 11-февраль күнү кызматынан өз каалоосу менен бошотулган Жеңиш Разаковдун ордуна келди.

Мадумаровдун талапкерлигин өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттин депутаттарына сунуштап жатып ал чек ара маселелерин жакшы билээрин айтты.

«Акрам Камбаралиевичти ушул кызматка сунуштап жатканыбыздын эң башкы себеби, билесиздер, бизде чек ара маселеси бар. Анын ичинен эң татаалы Тажикстан Республикасы. Мадумаров Баткен облусунда туулуп-өсүп, жердин географиялык жайгашуусун, элдин шартын, мүдөөсүн жакшы билет. Мамлекеттик комиссиянын курамында да активдүү иштеди […] Мамлекеттик чек арада болуп жаткан көйгөйлөрдү чечүүдө өз салымын кошту. Вице-премьер кызматында татыктуу иштеп берет», — деп ишендирди Абылгазиев.

Мадумаров коомчулукта Баткен мамлекеттик университенин окутуучуларын галстук такпагандыгы үчүн сындаганы менен да белгилүү. Анын аракети соцтармактарда талкууга алынып, көпчүлүк колдонуучулардын нааразычылыгын жараткан эле.

Биолог, аким, өкмөттүн өкүлү

Мадумаров 43 жашта, жогорку билимдүү. 2005-жылы биология илими жаатында кандитаттык диссертациясын жактаган. 2012-жылы Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык академиясынын эл аралык мамилелер адистигин бүтүргөн. Эмгек жолун агрардык академияда окутуучу катары баштаган. 2006-2013 жылдары президенттин иш башкармасында иштеген. 2013-2017-жылга чейин Кадамжай районунун акими болуп эмгектенген.

Ал эми 2017-жылы президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары болуп, андан кийин эки жыл Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси болгон. Мадумаров өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп өткөн жылдын апрель айында дайындалган.