Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кызматынан бошотулду

Сооронбай Жээнбеков Жеңиш Разаковду берген арызынын негизинде вице-премьер-министри кызматынан бошотту.

Разаков бул кызматка 2018-жылдын апрель айында дайындалган. Ал чек ара жана Евразиялык экономикалык биримдикке байланыштуу маселелерге жооптуу болгон. Бул кызматка чейин Разаков президенттин кеңешчисинин кызматын ээлеген.

Акыркы учурда Разаковдун ишмердүүлүгү сынга алынган. Мындан бир ай мурун, 15-январь күнү, чек арадагы жаңжалдан кийин колго түшкөн Баткендин тургундарын колдоо митингинде Разаковду отставкага кетирүү талабы да коюлган.

Ал эми Разаков митингге чыккандарды «алар акча менен чыгарылган адамдар» деген пикирин билдирген. Журналист Канышай Мамыркулова менен коомдук активист Самат Алиев бул сөздөр «алардын кадыр-баркына жана жарандык ар-намысына шек келтирди» деп Разаковду сотко берип, компенсация иретинде ар бири 5 миллион сомдон төлөп берүүнү талап кылышкан. Бирок Бишкектин Биринчи май райондук соту арызды мамлекеттик алым төлөнгөн эмес деген жүйө менен кабыл алган эмес.