Ноокенде 9 жаштагы кызды зордуктоого шектелген киши эки айга камалды

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 3-класста окуган кызды зордуктоого шекелген киши эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу «Клоопко» Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев билдирди.

«Шектүүнүн баш коргоо чарасы 5-февралда эле каралган. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат», — деди Жээнтаев.

Ноокен райондук ички иштер башкармалыгына 28-январда 9 жаштагы кызын белгисиз адам зордуктады деген арыз менен аталган райондун тургуну кайрылган. Окуя окуучу кыз мектептен кайтып келе жатканда болгон. Ошол эле күнү шектүүнүн фотороботу түзүлүп, ага издөө жарыялашкан.

Шектүү бир аптадан кийин колго түшкөн. Аталган кылмыш «Зордуктоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, 2019-жылы өспүрүмдөргө карата 2462 кылмыш жасалган — анын 184ү оор, 36ы өзгөчө оор жана 2248и жеңил.

Ошондой эле жашы жете элек балдарга 222 жыныстык зомбулук фактысы катталды. Башкы прокуратура аталган кылмыш өскөнүн жана кабатырланууга негиз болоорун билдирет. Жыныстык зомбулук эң көп Чүй облусунда катталган — 38. Андан кийин Бишкекте — 33, Ош шаарында — 27, ал эми Ысык-Көл облусунда 26 учур катталган.