Ноокенде 9 жаштагы кызды зордуктоого шектелген киши кармалды

Шектүүнүн фотороботу. Сүрөт: Жалал-Абад ОИИБ

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 28-январь күнү 3-класста окуган кыз зордукталганы кабарланган. Кылмышка шектүү окуя болгон жерден изин жашыргандыктан ага ошол эле күнү издөө жарыяланган. Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев шектүү 5-февралда кармалганын билдирди.

Ал эми «Турмуш» басылмасы өздүк булактарына таянып, кылмышка шектүүнүн үйүндө тинтүү жүргүзгөндө жаш кыздардын ич кийимдери табылган деп жазды.

Жээнтаевдин айтымында, сот шектүүнүн баш коргоо чарасын эки күндүн ичинде карап чыккандан кийин толук маалымат берилет.

Бул окуя Ноокен РИИБиде зордуктоо фактысы менен катталган. Ошол эле күнү кылмышка шектүү катары 20-25 жаштагы кишиге издөө салынган.