Ошто окуган өзбекстандык студенттер окуусун мекенине которууга даярдык көрүшүүдө

Сүрөт: «Фергана» басылмасы

Өзбекстандын Билим берүү министрлиги 6-февралда «Борбор Азияда окуп жаткан өзбекстандык студенттер окуусун Өзбекстандагы университеттерге оңой эле которо алат» деген буйрук чыгарды. Студенттерге окууларын которууга бир айдан ашуун убакыт берилди. Буга байланыштуу Ош шаарындагы жогорку окуу жайларында билим алган өзбек студенттер окуусун мекенине которууга даярдык көрүп башташты.

ОшМУда окуп жаткан өзбекстандык Омаджон Комилов «Клоопко» буйрук чыккандан кийин окуусун өз мекенинде улантыкысы келгенин билдирди. Бирок ал биринчи курстун студенти болгондуктан окуусун которо албай жатканын айтат.

«Азыр эмне кылаарымды билбей турам. Өзбекстандан келгиле деп жатышат, ал эми бул жактан которулуу мүмкүн эмес дешет. Эгер мүмкүндүк болсо өз жериме барып окусам жакшы болмок», — дейт Коримов.

ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Замирбек Бөжөнов «Клоопко» Өзбекстандан келген студенттер окуусун которууга камданып жатышканын тастыктады. Бирок Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык биринчи курстан которууга болбойт деп айтты.

«Өзбекстандык студенттер кетебиз деп келип жатышат, кетирип жатабыз. Азыр так санын айтуу кыйын, анткени күндө зачеттук китептерин жана транскриптерин берип жатабыз. Кыргызстандын которуу жана тикелөө жобосу боюнча 1-курстан которулууга болбойт, бирок ошого карабастан алар чакырып жатышат. Бизден чыккандан кийин кандай болоору алардын өздөрүнүн көйгөйү», — деди Бөжөнов.

Учурда Ош мамлекеттик университетинде үч миңдин тегерегинде өзбекстандык студент билим алат. Анын 2500гө жакыны биринчи курстар.

Ош шаарындагы Кыргыз-өзбек университетинде окуган өзбекстандык жаштар да окууларын которуу маселеси менен жетекчиликке кайрылышууда. Окуу жайдан эгерде студент документтерин алып кетүүнү кааласа, университет берүүгө даяр экенин айтышты. Бирок окуусун андан ары кантип улантаарына кыргыз тарап жооп бербейт дешти.

Ал эми Кыргыз-өзбек университетинде төрт миңдей студент билим алса, алардын үч миңден ашууну биринчи курста окушат.

«Студенттерди эч ким мажбурлаган жок»

Өзбекстандык студент Ойбектин айтымында, ал өзбек өкмөтү чыгарган буйрукка түшүнбөй турат. Ал тапта студенттер арасында «бул чара Кытайда чыккан коронавируска байланыштуу» экен деген имиш сөздөр тарап жатат.

«Мурда мындай мүмкүнчүлүк болгон эмес. Себеби, Өзбекстанда окууга кирүү сынактары өтө татаал. Акча да роль ойнойт. Кыргызстанда андай кыйынчылык жок жана окуу акысы арзан болгондуктан ушул жакка келип окууга тапшырдым эле. Ошол буйрук чыккандан бери Оштогу өзбекстандык студенттердин сүйлөгөнү эле ушул тема», — деп түшүндүргөн ал «Азаттыкка» курган маегинде.

Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинен «Клоопко» аталган буйрук өзбек студенттерди кайрадан мекенине келип билим алууга мажбурлабай турганын билдиришти. Бирок студенттердин айтымында, окууну Өзбекстанга которуу ыктыярдуу түрдө деп айтылганы менен аны милдеттүү деп түшүнүп алышкандар да бар.

«[Өзбекстандын билим берүү министрлиги тарабынан] чыгарылган буйрук [өзбекстандык] студенттерге мекенинде билим алуу үчүн жеңилдетүүлөрдү берди. Учурда элчиликтин кызматкерлери жогорку окуу жайларга барып студенттерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Көбүнчө Ошто жана Жалал-Абадда», — деп түшүндүрүштү элчиликтен.

Өзбекстандык студенттер негизинен Ош, Жалал-Абад жана Бишкек шаарларындагы жогорку окуу жайларда билим алышат. Билим берүү министрлигинен «Клоопко» билдиришкендей, министрлик Кыргызстан боюнча жалпы канча өзбекстандык студент билим алып жаткандыгы тууралуу эсеп жүргүзбөйт. Ал эми «Озодлик» үналгысы Кыргызстанда 17 миңдей өзбекстандык билим алганын кабарлайт.

Кыргызстандын мыйзамына ылайык, окутуунун биринчи жана акыркы курстарында окууну которууга болбойт. Ал эми Өзбекстандын мыйзамына ылайык, студенттер биринчи курстун биринчи жарым жылдыгын (семестр) бүтүргөндөн кийин окуусун башка университеттерде уланта алышат.