Баткенде айылдык кеңештин төрагасы менен депутаты мушташа кетти

Сапарали Бөрүбаев, Катраң айылдык кеңешинин төрагасы.

«Турмуш» басылмасы 12-февралда Лейлек районунун Катраң айылдык кеңештин төрагасы менен депутаты мушташа кеткендиги тууралуу маалымдады.

Басылма кабарлагандай, мушташка жыйын учурунда депутат Нуридин Дүйшөбаевдин айылдык кеңештин төрагасы Бөрүбаевдин иш-аракеттерин сындаганы себеп болгон. Ошондой эле жабырлануучу ооруканага жаткырылып, ага мээси чайкалган диагноз коюлган.

Бул маалыматты Баткен ОИИБинин басма сөз катчысы Дамира Юсупова «Клоопко» тастыктады. Анын айтымында, Дүйшөбаев милицияга арыз менен кайрылып, кесиптеши тарабынан сабалганын билдирген.

«Ал өз арызында 12-февраль күнү 19:00 чамасында коомдук жай болуп эсептелген жерде, эч кандай бир себепсиз өзүнүн айылдашы [Катраң айылдык кеңешинин төрагасы] Сапарали Бөрүбаев уят сөздөр менен тилдеп, бейбаштык кылып денесине жараат келтиргенин билдирген», — деп билдирди Юсупова.

Дүйшөбаевдин арызы Лейлек райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине «Ээнбаштык» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Ал эми Сапарали Бөрүбаев менен байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок.