Жанар Акаев шайлоого катышуу үчүн жаңы каттоонун коркунучу тууралуу

Депутат Жанар Акаев 13-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Ошто кыска убакыт ичинде 40 миңге чукул адам шаардык каттого турушканын билдирди. Ал шайлоого чейин жарым жыл калганда жаңы каттого тургандарды добуш берүү укугунан ажыратуу керектигин сунуштады.

«Биз акыркы алты айда каттоого тургандар добуш бере албайт деген мыйзамды кабыл алып, колдон келсе өкмөт, парламент жана президентке кайрылып, шайлоонун мөөнөтүн дагы эки айга жылдырышыбыз керек. Азыркы каттоого тургандар добуш бере албай турган абалга алып келишибиз керек, кырдаалдан чыгуунун бирден бир жолу ушул», — деп билдирди Акаев.

Депутат адамдарды кайра каттоого турууга мажбурлап жаткандар ошол адамдардын келечеги жөнүндө ойлонбой жатышат деп эсептейт.

«Райондордо паспортторун алдырып жиберген адамдар пособиясын, пенсиясын ала албай жатат. Үлүш жерлеринде маселе болуп атат. Мына биз миң сом, эки сом беребиз деп атып элди чоң азапка салдык. Партиялардын, болочоктогу депутаттардын элге болгон жакшылыгы ушулбу? Дээрлик бардык студенттердин паспортторун чогултуп алып жатышат, кийин шайлоодо шайлагандан кийин беребиз деп», — деди Акаев.

Эл өкүлүнүн кесиптеши Кенжебек Бокоев теманы жыйындын күн тартибине киргизип, БШКнын жана МККнын өкүлдөрүн чакырууну сунуштады.

Үстүбүздөгү жылдын жай айларында Кыргызстан боюнча 20 жергиликтүү кеңеште шайлоо өтөт. Ош, Токмок, Балыкчы, Каракол жана Майлы-Сууда болсо шайлоо 12-апрелге белгиленген.

Буга чейин БШКнын төрагасы Абдыжапар Бекматов ведомствого «шайлоо өтө турчу шаарларда каттоого турууну каалагандардын саны кескин өсүп жатат деген сөздөр келип жаткандыгын» билдирген.

24.kg басылмасы БШКга таянып билдиргендей, 2020-жылдын январь айынан 11-февралдын ичинде Ошто мурдагы жылы канча адам каттоого турса бул убакыт ичинде ошончолук адам каттоого турганын кабарлаган. Бул болсо 33 805 адам.

Мурдараак студенттер добуштарын сатууга жана паспортторун берүүгө мажбурлап атышканын «Клоопко» кабарлашкан. Алар бир добуш үчүн миң-эки миң сом сунуштап, баш тарткандарды «экзамендерден кулатабыз» деп коркутуп атышканын билдиришкен.