15-февралдан тарта убактылуу айдоочулук күбөлүктөр жараксыз болуп калат

Мамлекеттик каттоо кызматы убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдүн жарактуу мөөнөтү аяктап жатканын кабарлады. Аларды туруктуу колдонулчу күбөлүккө алмаштыруу кажет — болбосо айып салына баштайт.

«КРдин Жазык кодексинин 122-беренесинин биринчи бөлүгүнө ылайык, чаралар көрүлө баштайт. Бузуу үчүн айып — 1000 сом. Ошондой эле автоунаалар айып коросуна киргизиле баштайт», — деп билдиришти ЖКККББдан.

МККдан убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдү берүү бланктардын түгөнүп калышына байланыштуу аргасыз чара болгонун белгилешти.

«Июнда МККнын бланктары түгөнүп калган. Буга байланыштуу айдоочуларга убактылуу күбөлүктөр бериле баштаган. Убактылуу күбөлүктөрдүн жарактуу мөөнөтү 2019-жылдын 31-декабры менен чектелген. Бирок кезек күтүүлөрдүн көптүгүнөн улам каалоочулар аларды алмаштырууга үлгүрүп калышы үчүн күбөлүктүн жарактуу убактысын 15-февралга чейин жылдыруу чечими кабыл алынган», — деп кабарлашты МККдан.

Мамкаттоо кызматынын маалыматына ылайык, жаңы үлгүдөгү күбөлүктөрдүн дизайны жакшыртылган, ошондой эле материалдын сапаты жогору болгондугу менен айырмаланат. Жаңы күбөлүктөр поликарбонаттан жасалган жана пластиктен жасалган айдоочулук күбөлүктөргө караганда бышык.

Авторлору: Элана Батырбекова, Алтынай Молдогазиева