Бишкектин борборунда кабаты аз эски имараттар сүрдүрүлүшү мүмкүн

Бишкек шаар курулуш башкармалыгынын жетекчиси Замира Кангелдиева шаардын так пландоо долбоору боюнча калаадагы эскилиги 80% ашкан үйлөр сүрдүрүлөөрүн билдирди.

Анын айтымында, эгер так пландоо долбооруна ылайык көп кабаттуу үйдүн курулушу каралып, ал эми анын ордунда кабаты аз имарат турган болсо, анда ал сүрдүрүлөт.

«Келечекте, эгер так пландоо долбоорун ишке ашыруу боюнча барсак, бул [союз учурунда курулган] үйлөр сүрдүрүлүшү керек. Баса, эскирген имараттарды бузуу жөнүндө жобо бар, мэрия комиссия түзүп жатат. Эгер эскилиги 80% ашса, имарат жараксыз, аны сүрдүрүү керек деген корутунду даярдалат», — деп билдирди ал.

Кангелдиева «24.kg» сайтына курган маегинде мүлкү сүрдүрүүгө кете турчу үйлөрдүн ээлерине «баасы бирдей турак жай же компенсация» бериле турганын кошумчалады.

Ал Бишкектин так пландоо долбоору чаржайыт курулуштардан арылууга жана калаада бак-дарактуу жашыл аймактарды сактап калууга өбөлгө түзөөрүн айтты.

Мурдараак бишкектиктердин тобу басма сөз жыйынын өткөрүп, анда так пландоо долбоорун жокко чыгарып, жаңы үйлөрдү экспертизадан өткөрүүнү талап кылышкан. Алар калаанын так пландоо долбоору «шаардыктардын мүлкүн тартып алууга негиз болуп берет» деп эсептешкен.

Шаардыктардын демилге тобунун өкүлү Айнура Жумашева «хрущевка» жана «сталинка» үйлөрү да сүрдүрүлүшү мүмкүндүгүн билдирген — бул негизинен шаардагы үч, төрт жана беш кабаттуу көп батирлүү үйлөр. Мындай үйлөр Бишкектин чок ортосунда да бар.

Калаанын борбордук бөлүгүн так пландоо долбоорун шаардык кеңештин депутаттары 2019-жылдын декабрынын аягында кабыл алышкан.