«Тазалыктын» кызматкерлери үй камагына алынды — алар коромжулукка шектелип жатышат

УКМК «ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана коротуу фактысы» боюнча «Тазалыктын» эки операторун жана эсепчисин кармады. Алар тергөө аяктаганча үй камагына жайгаштырылды.

Ведомстводон «Тазалыктын» кызматкерлери 84 млн сомдон ашуун суммага күйүүчү май талонун мыйзамсыз колдонушкан деп билдиришти. Талондор күйүүчү жана майлоочу май каражаттарын сатып алууга керектелмек болчу.

«Бирок, аталган ишкананын башкы бухгалтери операторлор менен бергеликте Бишкек шаарынын ичинде жумуш алып барууга багытталган күйүүчү май талондорун ыйгарып алып, короткон», — деп билдирет УКМК.

«Тазалыктын» басма сөз кызматынан атайын кызмат тарабынан тергөө иш-чаралары жүрүп жатканда эч кандай комментарий бере алышпай турганын маалымдашты.

Тазалык — шаар жолдорун жана тышкы жайлуулук элементтерин жана шаар аймагынын санитардык тазалыгын камсыздап тейлөөчү муниципалдык ишкана.

Тазалыктын дарегине айтылган сын

Февралдын башында Бишкектин вице-мэри Мирлан Амантуров «Тазалыкты» бюджетти административдик башкаруу персоналынынын жогору маяналарына коротуп жатат деп сындаган.

«Административдик башкаруу персоналы 50, 70, 100 миңге чейин алат, ал эми көчөдө жүргөндөрү 5-10 миң сом алат. Бул сизге жакшы эсеппи? Силерде эсеп жок. Бул жерде мактанасыңар анан», — деп айткан Амантуров Бишкек мэриясынын кезектеги иш жыйынында.

Муниципалдык ишкананын жетекчилиги бул билдирүүгө макул болгон эмес, ал басма сөз катчысы Жибек Каракеева айлыгы 11 89 сомду түзөөрү тууралуу фейсбукта пост жарыялаган.

«Кээде түшкү тамакка да караманча акча жок болуп калат, мындай учурларга деп иш бөлмөдө акча чогулткуч кармайм, ал жакта 5 жана 10 сомдук тыйындарды чогултам. Атам жандандыруу бөлүмүндө жатканда ага жер-жемиш жана түшкү тамак алып барыш үчүн карызга акча алчумун. Андан кийин кайра төлөп берчүмүн», — деп жазган Жибек Каракеева.

Мындан тышкары, Каракеева көчө шыпырып иштегендер, вице-мэр билдиргендей, 5-10 миң сом алышпайт, алардын маянасы 8 миңден 25 миңге чейинки акчаны түзөт деп билдирген.

Вице-мэр буга «“Тазалыктагыдай” бардак эч бир жерде жок» деп жооп узаткан.