Жалал-Абад шаарында аялдаманын жоголуп кеткен чатырынын ордуна жаңысын орнотушту

Жалал-Абад шаарындагы аялдама. Сүрөт: Мирбек Уметалиев

Жалал-Абад шаарындагы Байзаков көчөсүндө жайгашкан аялдаманын чатыры жабылды. Бул тууралуу «Клоопко» Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Жээнбеков билдирди.

«Аялдаманын чатыры 15-февралда жабылып бүткөн. Эски чатыры эмне болуп жоголгону белгисиз», — деди Жээнбеков.

Үстүбүздөгү жылдын 13-февраль күнү социалдык тармактардын колдонуучуларынын бири Мирбек Уметалиев фейсбуктагы баракчасына чатыры жок аялдаманын сүрөтүн жүктөгөн. Ал постунда аялдама эки айдан бери чатыры жок турганын айткан.