Ош ОИИБи Матраимовдордун кысымына даттанган Кимсановдун билдирүүсүн иликтей баштады

Ош бажысынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановдун иниси Эмирбек Кимсанов президентке кайрылып, агасы Матраимовдордун кысымы менен коркутууларына дуушар болуп жатканын билдирген. Бул кайрылуудан кийин Ош ОИИБи 17-февралда «Ээнбаштык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш баштады.

Облустук милициянын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаевдин айтымында, милиционерлер Эмилбек Кимсановдун Кара-Суудагы үйүнө барышканда анын туугандары үй ээлери чет өлкөгө чыгып кетишкенин билдиришкен.

Аширбаев билдиргендей, Кимсановдордун кызыкчылыгын сотто коргоо үчүн жактоочу Назгүл Сүйүнбаева дайындалды.

«Каматам же өлтүрөм»

Эмирбек Кимсанов — Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облусундагы башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановдун иниси. Ал 15-февралда агасы Эмилбек Райымбек Матраимов тараптан болуп аткан кысымдан улан өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгонун билдирген.

Анын айтымында, агасы «Матраимовдун коррупциялык схемаларына катышпоо үчүн» 2018-жылы эле «өз калоосу менен» бажыдагы кызматынан кеткен. Бирок Матраимов Эмилбекке жаңы жумуш сунуштап, андан баш тарткандан кийин «каматам же өлтүрөм» деген коркутуп-үркүтүүлөр болуп, аялын сабап кетишкен.

Мурдараак президентке «Матраимовдордун кланынан коркуп жашап калдык» деген таризде спортчу Төлөгөн Рахманберди уулу да кайрылуу жолдогон. Анын видеокайрылуусун Эмилбек Кимсанов фейсбук баракчасында жарыялаган.

Көп өтпөй ИИМдин басма сөз кызматы спортчу Төлөгөн Рахманберди уулу 2018-жылдын 28-декабрында Аламүдүн районунун Лебединовка айылында Бишкек шаарынын жашоочусун денесине жаракат келтирүүгө тиешеси бардыгын маалымдаган. Бул окуяга Эмилбек Кимсановдун да тиешеси бар болгону айтылып келет. Министрлик Рахманберди уулу «кылмыш жоопкерчилигинен бошонуу үчүн жана коомчулукту адаштыруу менен укук коргоо органдарын каралоо максатында видеокайрылуу жасаган» деп эсептейт.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Аларга мыйзам иштебейт». Акыркы күндөрү Матраимовдорго арызданып президентке үч кайрылуу болду