Парламент Жогорку соттун судьясын мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотту

Жогорку соттун судьясы Нургүл Сатыбалдиева 19-февралда Жогорку Кеңештин чечими менен мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотулду.

Президенттин парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаевдин айтымында, Сатыбалдиева өз каалоосу менен кызматтан кетүү арызын жазган.

Катталган 100 депутаттын ичинен 78 депутат аны кызматтан бошотуу үчүн добуш берген. «Каршы» добуштар болгон эмес.

Нургүл Сатыбалдиева Жогорку сотто 2012-жылдан тарта иштеп баштаган, ал жарандык иштер боюнча коллегиянын курамында болгон. 2019-жылы декабрда президент Сатыбалдиевага Кыргызстандын эмгек сиңирген юристи наамын ыйгарган.

2018-жылы укук коргоочулар Сатыбалдиеваны «судьялардын кара тизмесине» киргизишкен. Ал тизмеге ЖМКларга карата териштирүү иштерин алып барган судьяларды, ошондой эле укук коргоочулардын айтымында, коррупцияга шектүүлөрдү же саясий буйрутмаларды аткарган судьяларды киргизишкен.