Өзбек чек арачылары тарабынан кармалган дааватчылар кайра коё берилди

Баткен облусундагы Кадамжай районунун Чекелик айылындагы кыргыз-өзбек чек арасына чектеш жерде 19-февраль күнү 13 кыргызстандык кармалган. Өзбекстандын чек арачылары кармап кеткен кыргыз жарандары Талас облусунан Кадамжайга дааватка келишкен.

Кыргызстандын чек ара кызматынан «Клоопко» билдиришкендей, дааватчылар чек ара кайсыл жерден бөлүнөөрүн билбегендиктен «кокусунан» Өзбекстанга өтүп кетишкен. Өзбек тарап менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында кыргызстандыктар кайра коё берилди.

Чекелик айылы Өзбекстандын Фергана аймагы менен чектешип, чек аралары такталган аймакка кирет. Айылдыктар аларга тиешелүү болгон жол Өзбекстанга өтүп кеткенин айтып келишет. Кадамжайлыктар аталган аймакка Өзбекстан тарап аскердик машыгууларды өткөрүүчү жай куруп алышкан деп эсептешет.

Буга чейин Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун Көк-Таш айылынын тургундары менен Өзбекстандын чек арачылардын ортосунда жылдын башында чыр чыгып ок атылган. Кыргызстандын чек ара кызматынын маалыматы боюнча жаңжалга такталбаган аймакта отоп жүргөн 500дөн ашуун малды өзбек аскерлери айдап кетишкени себеп болгон. Мал кийинчерээк ээсине кайтарылган.