Кой-Таш окуясы: Башкы прокуратура Атамбаевге жана дагы 13 адамга айып такты

Башкы прокуратурадан «Клоопко» билдиришкендей, айып актылары бекитилип, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүн штурмга алуу учурунда Кой-Ташта болгондорго тапшыруу баскычында. Бирок ведомстводон алар кайсы берене боюнча айыпталып жатканын тактап айтып беришкен жок.

Айыпталуучулардын арасында Атамбаевдин өзүн жана анын кеңешчиси Фарид Ниязовду кошуп 14 адам бар. Мындан тышкары, депутат Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, экс-депутат Равшан Жээнбеков жана мурдагы президенттин жансакчысы Канат Сагымбаевге да айып тагылган.

Алардын арасында Атамбаевдин тарапташы Кундуз Жолдубаева да бар. Ал айыптоо корутундусу 500гө чукул барактар тураарын билдирди. «Тергөө менен кызматташтык түзгөн адамдардын иштери өзүнчө өндүрүшкө бөлүндү», — деп билдирди ал.

Атамбаевдин үйүн штурмга алуу

Бийлик мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүн эки күнгө созулган штурмга алуудан кийин 8-августта кармаган. Штурм учурунда бир спецназчы каза таап, 100гө чукул адам жабыркаган.

Бийлик Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча суракка үч жолу келбей койгондон кийин үйүн штурмга алууну чечкен. Атамбаев күбө катары суракка алынмак, бирок кармалгандан кийин анын макамы шектүүгө өзгөргөн.

Штурмдун биринчи күнүндө, 7-августта, Атамбаевдин тарапкерлери ал жакта атайын операция жүргүзүп аткан УКМКнын алты кызматкерин туткунга алган.

Кийинчерээк Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов менен депутат Ирина Карамушкина «адамдарды барымтага алуу» боюнча шектелип, үй камагына алынышкан.

Мындан тышкары, Атамбаев кармалгандан кийин бийлик «Массалык баш аламандыкты уюштуруу», «Адамдарды барымтага алуу», «Адам өлтүрүү» жана «Адам өмүрүнө кол салуу» беренелери боюнча дагы бир нече кылмыш иштерин козгогон.