Ошто бала бакчанын башчысы ТMG телеканалынын журналистинин үстүнөн арыз жазды

Т-Медианын «КУУРДАК КИМДИКИ? БӨБӨКТӨРДҮКҮБҮ ЖЕ...» телеберүүсүнөн алынган скриншот

ТMG телеканалынын журналисти Самара Парпиеванын үстүнөн Ош шаарындагы «Мөл-Булак» балдар бакчасынын жетекчиси Турсунай Касымова прокуратурага арыз жазды. Бул тууралуу «Клоопко» телеканалдан маалымдашты.

Парпиева «Жарандык көзөмөл» программасынын алкагында 20 мүнөттүк телеберүү даярдаган. Программа эфирге 5-февралда чыккан. Анда журналист «бала бакчада санитардык талаптар аткарылбай жатканын, балдардын тамак-ашына эт азыгы талап боюнча берилбей жатканын» көрсөтүп берген.

Телеканалдан «Клоопко» билдиришкендей, Касымова Парпиеваны «программаны эфирге чыгарбоо үчүн акча талап кылган» деп айыптап жатат. Мындан улам журналист 24-февралда Ош шаардык прокуратурасына чакыртылган.

ТMGнын башкы продюсери Нурлан Адаев «Клоопко» арыз негизсиз жазылганын айтты. Ал билдиргендей, берүү тартылган күндүн эртеси эле абдан көп чалуулар болгон. Бир канча адамдар офиске келип, тааныш адамдарды ортого салып материалды эфирге бербөөнү суранышкан. Мындан сырткары, ал «журналистке да коркутуулар жана кысымдар» болгонун маалымдады.

«Ош шаарындагы эң көп бала барган бакчалардын бири “Мөл-Булак” болгондуктан, биз бул бакча тууралуу эфир даярдоону туура көргөнбүз. Биздин журналист бакчанын жетекчилигинен уруксат алып, ал жерде өз ишин аткарган. Берүү 2019-жылдын март айынан бери мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын элге көрсөткөн кызматынын сапатын текшерүү жана көзөмөлдөө максатында тартылып келет» — деп билдирди Адаев.

Учурда телеканалдын жетекчилиги шаардык прокуратурага Касымованын үстүнөн арыз даярдап жатат.

Ош мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров телеберүүдөн кийин комиссия түзүлүп «Мөл булак» бакчасы текшерилип жатканын айтты. Ал учурда башка бакчалар да текшерилип жатканын кошумчалады.

«Комиссия текшерүү иштерин аяктагандан кийин материалдар шаардык билим берүү башкармалыгына өткөрүлүп берилет. Себеби бала бакчалар ошол жакка карайт. Анан чараны да ошол мекеме көрөт, биз көзөмөлдөп гана коёбуз», — деди Абсаттаров.

Материал жарык көрөөр алдында арыз ээси Турсунай Касымовадан жана шаардык прокуратурадан комментарий алууга мүмкүн болгон жок.