Аскаровдун үйүн камакка алуу боюнча сот отуруму доогерлер келбей койгондуктан мартка калды

26-февралда Жогорку сот доогерлер сот отурумуна келбегенден улам өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун үйүн камакка алууну кароо тууралуу соттук териштирүүнү жылдырды. Кийинки сот отуруму 2020-жылдын 2-мартында өтөт. Бул тууралуу «Клоопко» Аскаровдун адвокаты Валерьян Вахитов билдирди.

«Сот [экинчи тараптын жок болушунан улам сот отурумун жылдыруу тууралуу] оюмду сурады. Мен соттун ыктыярына калтыраарымды айттым. Мен каршы чыга албайм. Ишти аларсыз кароо мен тараптан джентельмендик болбой калат. Мен тараптан адепсиз болот», — деп айтты Вахитов «Клоопко».

2019-жылы февралда Бишкектин Октябрь райондук сотунун сот аткаруучусу каза болгон милиционердин аялы Чолпон Бечелованын суранычы менен укук коргоочунун үйүн камакка койгон. Маркум милиционердин өлүмүнө 2010-жылдагы улут аралык жаңжал учурунда Аскаров айыпталган.

Бул Аскаровдун үйүн камакка алуу боюнча биринчи эле аракет эмес — үй Аскаровго апасынан мураска калган. Биринчи жолу укук коргоочунун үйүн 2010-жылы Базар-Коргон райондук прокуратурасы койгон. Ал учурда Вахитов Бишкектин Райондор аралык сотуна буйрукту жараксыз деп таанууну суранып кайрылган, себеп дегенде кылмыш кодекси боюнча эгер ал соттолуп аткан адамдын менчигиндеги жалгыз үй болсо аны камакка коюуга болбойт.

Базар-Коргон райсоту 2017-жылы Аскаровдун үйүн камактан чыгарган.

«Үйдүн камакка алынышы Жазык-процесстик кодексинин ченемдерин бузат — эгер турак үйдө, батирде соттолгон адамдын үй-бүлөсү дайыма жашап жаткан болсо, анда алар камакка албайт. Мүлктүн камакка алынышы Аскаровдун Конституцияда жазылган турак жайга болгон укугун одоно бузууда», — деп билдиришти «Бир Дүйнө — Кыргызстан» укук коргоочу уюмунун юристтери.

Аскаровдун иши

Азимжан Аскаров 2010-жылы, Кыргызстандын түштүгүндө кыргыздар-менен өзбектердин ортосунда болгон этникалык жаңжалдын учурунда милиция тарабынан кармалган. Тергөө укук коргоочуну базар-коргондук милиционер Мыктыбек Сулаймановду өлтүрүүгө айыптаган. Ошондой эле ага карата жаңжал учурунда массалык башаламандыктарды уюштуруу жана улуттар аралык кастыкты козутуу боюнча айыптары тагылган.

Кармалгандан кийин Аскаров бир нече күн кыйноого алынган. Ал эми Аскаров бул тууралуу жактоочусуна айтып бергенден кийин ал коргонууга болгон укугунан ажыратылган. Аскаров этникалык өзбек экенин эске алганда, ага каршы кампанияда дароо эле улуттук риторика башталып кеткен. Бул биринчи жана экинчи инстанциялардын сотторунда Аскаров сот залында белгисиз адамдардын тарабынан ур-токмокко алынышына алып келген. Анын жактоочулары да утур-утур басымга кабылып турушкан.

Базар-Коргон райсоту сенбярда аны өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Кыргызстандын ичиндеги да, анын тышындагы да укук коргоочулар Аскаровго карата процессти катуу сынга алышкан.

Юристтердин эл аралык комиссиясы чыгарган корутундуга караганда, 30 барактан турган Аскаровдун өкүмүнүн текстинин жарымы милиционерлердин Аскаровго каршы көрсөтмөлөрүнөн, өкүмгө жана Аскаровдун кыймыл-аракеттеринин түшүндүрмөсүнө орун берилген. Ошол эле учурда, укук коргоочунун арызын бир абзацка батырышкан.

Мындан тышкары, өкүмдө ошол учурда өлкөнүн түштүгүндө жүз берген жагдайлар эске алынган эмес. Аскаровдун айтымында, сот күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн кабыл албай жана укук коргоочуну сотто коргонуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу менен аны актай турган далилдерди караган эмес.

Апрель айында Жогорку сот Аскаровдун ишин карап чыгып, ага карата өмүрү өткүчөктү эркинен ажыратуу өкүмү күчүн калаары же калбасы тууралуу чечим чыгарат.