Космонавт Шарипов кытайлыктарды коронавируска каршы күрөшүүдө колдоду

Кыргызстанда туулган «Роскосмостун» космонавты Салижан Шарипов кесиптештери менен бирге «Жер — баарыбыздын үйүбүз» деген видеого тартылган. Ал видеодо космонавт кытайлыктарды коронавируска каршы күрөшүүдө колдоду.

«Космостон планетабыз канчалык кичинекей экени көрүнүп турат. Келгиле ага жана анда жашаган адамдарга аёо мамиле кылалы. Биз Кытай Эл Республикасынын элин коркунучтуу оорууга каршы күрөшүүдө колдойбуз. Жакында жеңиш болот деп үмүттөнөбүз», — деди Шарипов.

Видеодогу башка космонавттар Кытай медицинасынын күчү вируска жетээрине үмүт кылышаарын билдиришти. «Биз Кытайга оорууну жеңип чыгышын каалайбыз», — деп айтты космонавт Сергей Корсаков.

Салижан Шарипов — Ош облусунун Өзгөн шаарында туулган этникалык өзбек. 1998-жылы ал эң алгачкы кыргызстандык космонавт болгон жана азырынча Кыргызстандан чыккан жалгыз космонавт болуп саналат.

Космонавт айтып жаткан вирус — бул январь айында коронавирус аты менен белгилүү болуп кеткен COVID-2019 вирусу. 26-февралга карата дүйнөдө ооруну жуктуруп алгандардын саны 80 955ке жетти, анын ичинен 2 763 каза тапкан. Бирок 30 миңге жакын адам вирустан айыгып кеткен.

Вирус көбүнчө Кытайда жайылган — вирус менен ооругандардын 99 пайызына чукулу дал ушул өлкөдө аныкталган.