МКК жалпы жарандык биометрикалык паспортторду сатып алууга тендер жарыялады

Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) 973 млн сомдон ашуун акчага жалпы жарандык биометрикалык паспорттор үчүн бланктарды даярдоо жана камсыздоого тендер жарыялады. Тендерге билдирмелерди кабыл алуу 2020-жылдын 19-мартында аяктайт.

Бийлик жалпы жарандык электрондук паспорт алууга тендерди кыргыз жарандары үчүн АКШга виза берүүлөрдү чектөөнүн айланасындагы чырдын шартында жарыялады.

АКШ бийлиги кыргызстандыктарга иммиграция үчүн документтерди тапшырууга тыюу салып, бирок иммиграциялык эмес сапарлар үчүн Американын визаларын алуу мүмкүнчүлүгүн калтырган — анын ичинде иш сапарлары же туризм үчүн берилген кеңири жайылган В тибиндеги визалар бар.

АКШ бийлигинин мындай аракетке баруусуна бирден-бир себеп катары кыргыз жалпы жарандык паспортторунун коопсуздук талаптарга туура келбегени себеп болгон.

МКК 2018-жылы электрондук паспорттордун бланктарын алууга тендер жарыялаган болчу. Анда кызмат акысын 940 млн сомго баалаган литвалык Garsu Pasaulis компаниясы жеңүүчү деп табылган. Бирок УКМК МККнын кызмат адамдарына кылмыш ишин козгоп, аларды жеңүүчү компания менен аффилирлешкен деп айыптаган.

2019-жылдын январь айында Бишкектин Биринчи май райондук соту бул иштин үч фигурантын күнөөлүү деп таап, аларга айып пул салган. Алар: «Инфоком» маммекеменин мурдагы директору Талант Абдуллаев, статс-катчы Данияр Бакчиев жана МКК төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев.