МККнын электрондук кызмат көрсөтүү порталында дагы эки онлайн сервис ишке кирди

«Санарип Кыргызстан 2019-2023» Санарип трансформациялоо концепциясынын алкагында МКК электрондук кызмат көрсөтүү порталында дагы эки онлайн сервисти ишке киргизди. Эми «Балага сүйүнчүнүн» макамы менен туулгандыгы же нике тууралуу күбөлүктүн аныктыгын онлайн текшерүүгө болот. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Кызматтарды колдонуу үчүн portal.srs.kg электрондук кызмат көрсөтүү сайтына кирип, «Үй-бүлө жана балдар» бөлүмүнөн керектүү кызматты тандаш керек.

Бала төрөлгөндөгү «Балага сүйүнчү» бир жолку төлөмүнүн дайындалышынын макамын текшерүү үчүн баланын ПИН кодун гана жазуу керектелет. Ал эми туулгандыгы же нике тууралуу күбөлүктүн аныктыгын текшерүү үчүн документтин сериясы менен номерин жазуу керек.

Мамлекеттик «Инфоком» ишканасы жүзөгө ашырган МККнын электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы жарандарга онлайн кызмат көрсөтөт, бирок айрым кызматтар авторизация талап кылат. Учурда порталдан авторизация талап кылбаган онлайн кызматтардын 16 түрүн алса болот.