Бишкек: Юрист калаанын деталдуу пландаштыруу долбооруна байланыштуу шаардык кеңешти сотко берди

Юрист жана Мамкурулушка караштуу коомдук кеңештин төрагасы Эрик Ирискулбеков борбор калаанын деталдуу пландаштыруу долбооруна байланыштуу Бишкек шаардык кеңешин райондор аралык сотко берди.

Ирискулбеков «24.kg» маалымат агенттигине курган маегинде билдиргендей, кийинки аптада соттун ишти өндүрүшкө алып-албаганы жана ким судья болуп дайындалганы белгилүү болот.

«Мен Бишкектин борбордук бөлүгүн деталдуу пландаштыруу долбоорунун мыйзамсыздыгы боюнча, алар аны жокко чыгаруусу үчүн доо арыз жаздым. Жоопкер катары Бишкек шаардык кеңеши чыгат», — деп айтып берди ал.

Шаардын бийлиги деталдуу пландаштыруу долбоорун 2019-жылы эле иштеп чыга баштаган. Ал эми 2019-жылдын декабрында Бишкек шаардык кеңеши деталдуу пландаштаруу долбоорун кабыл алган.

Документти иштеп чыгууга шаардык бюджеттен 24 млн сомдон ашуун акча кеткен. Калаанын деталдуу пландаштыруу долбоорунун үстүнөн Бишкек мэриясынын тапшырмасы менен Мамдолбоорлоо институту иштеген.

Деталдуу пландаштыруу долбоору — бул ар кандай аймактардын, турак жайлардын, транспорттук жана жашыл аймактардын чек арасын бекиткен шаар куруу боюнча документ. Талкууланып жаткан долбоор Бишкектин борборун Жибек-Жолу — Курманжан-Датка — Ахунбаев — Садырбаев (Баха) көчөлөрүнөн турган аймактарды камтыйт.

Мурдараак 13-февралда бишкектиктердин тобу басма сөз жыйынын өткөрүп, анда деталдуу пландаштыруу долбоорун жокко чыгарып, жаңы үйлөрдү экспертизадан өткөрүүнү талап кылышкан. Алар калаанын так пландоо долбоору «шаардыктардын мүлкүн тартып алууга негиз болуп берет» деп эсептешкен.

Шаардыктардын демилге тобунун өкүлү Айнура Жумашева «хрущевка» жана «сталинка» үйлөрү да сүрдүрүлүшү мүмкүндүгүн билдирген — бул негизинен шаардагы үч, төрт жана беш кабаттуу көп батирлүү үйлөр. Мындай үйлөр Бишкектин чок ортосунда да бар.

Бирок мэр Азиз Суракматов калаа бийлиги шаарды курууда жеке мүлктөрдү тартып албасын билдирген. «Бул тартып алуу укугу же сатып алуу процедурасы жок калааны куруу документи. Андыктан шаардыктар мүлкү үчүн кабатыр болбой эле койсо болот», — деп билдирген ал.

Калаанын борбордук бөлүгүн деталдуу пландоо долбоорун шаардык кеңештин депутаттары 2019-жылдын декабрынын аягында кабыл алышкан.