Ошто «Бир Дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо уюмунун кызматкери сабалды

«Бир Дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо уюмдун регионалдык жетекчиси Хусанбай Салиев 26-февраль күнү сабалды. Бул тууралуу «Клоопко» уюмдан билдиришип, видеожазма менен бөлүшүштү.

Тасмада көрүнүп тургандай, Салиевди уруп жиберген адам биринчи анын унаасынын алдына токтогон. Андан кийин унаасынан чыгып, Салиев менен кол алышкан соң бетинин оң жагына уруп жиберген. Укук коргоочунун кесиптештери Иброхимжан Жураев жана Шахбоз Латипов унаадан чыгышып жаңжалды токтотуп кылышкан.

«Ал убакытта шаардын башкы жолдорунда унаалардын максималдуу жүрүшү болгон. Ошол учурда 02KG 777 AAD номерлүү “Lexus” үлгүсүндөгү автоунаасы каршы тилкеге чыгып, Салиевдин авто унаасынын алдынан орун алып, авариялык абалды пайда кылган. Салиевдин автоунаасын кысып, токтоосун айткан. Салиев жолдун четине унаасын токтоткон», — деп айтып беришти Салиевдин жактоочулары.

Ошондой эле жактоочулар Салиевди сабаган адам аны «ар кандай жаман сөздөр менен сөгүп, коркутууларды жасаганын» кошумчалады. Алардын айтымында, сабаган адам «жогорку бийликтегилер менен жана улуттук коопсуздук органдарынын жетекчиси менен тууганчылдык байланышы» бар экенин айткан. Айдоочу кеткенден кийин, окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келген.

Уюмдун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова «Азаттыкка» курган маегинде окуяны Салиевдин ишмердигине байланыштырды.

«Сабаган киши “сен эч нерсе кыла албайсың, анткени менин туугандарым Ак үйдө да, парламентте да отурат. Жөн жүр” деп айткан. Жок жерден чыккан жок. Себеби бул укук коргоочулар коомдук чөйрөдө белгилүү болуп калышкан. Ишибизге байланыштуу чабуул экенин четке кага албайм. Бул “укук коргоочу адвокатка кол салуу, мыйзам чегинде жакшылап каралышы керек” деп милицияга кайрылдык, догдурга барып экспертизадан өттү», — деди Исмаилова.

Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Клоопко» билдиргендей, жабырлануучунун арызы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Ээнбаштык» беренеси менен катталган. Ал эми шектүү катары өтүп жаткан 23-жаштагы Оштун тургуну ошол эле күнү табылып, көрсөтмөлөрдү берип баштаган.

«Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө адвокат [Салиев] тарабынан жол эрежеси бузулуп, жолдо авариялык кырдаал түзүлгөндүгүнө байланыштуу аны бетине бир ирет уруп жибергендигин моюнуна алган», — деп айтылат Ош ШИИБинин тараткан билдирүүсүндө.

Милициянын басма сөз кызматынан шектүү «аны эч бир саясатка, пиарга аралаштырбоону» суранып, Салиевди ачуусу келгенинен уруп жибергенин айтууда деп билдиришти. Ошондой эле ал Салиевди тааныбаганын айткан.

«Бир Дүйнө - Кыргызстан» жарандардын укуктарын коргоо уюму Кыргызстандагы адамдардын укуктук абалына баа бериш үчүн мониторинг жана анализ жасайт. Организациянын юристтери Жогорку сотто адвокат Азимжан Аскаровдун кызыкчылыгын коргошууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жогорку сот Азимжан Аскаровдун ишин кайрадан карап жатат. Эмне үчүн бул иш маанилүү?

Жогорку сот «Бир Дүйнөнүн» укук коргоочуларынын отчётун экстремисттик деп таануу жөнүндө чечимди жокко чыгарды