Сот «Азия Ньюс» гезитин ИИМдин башчысына 300 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди

Бишкек шаардык соту «Азия Ньюс» гезитин ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге 300 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди.

Басылманын башчысы Аслан Сартбаев комментарий алуу үчүн жеткиликсиз болду, бирок, жарандык активист Адил Турдукуловдун айттымында, басылма соттун чечиминин үстүнөн даттанат.

«Гезиттин башкы редактору Аслан Сартбаев да, биз да шаардык соттун чечимине макул эмеспиз. Ошондуктан Жогорку сотко кайрылайын деп жатабыз», — деп айтты Турдукулов. «Азия Ньюс» редакциясы ИИМдин башчысынын доосу боюнча соттун чечиминин үстүнөн мурда да даттанган.

Кашкар Жунушалиев «Кашкар — крысабы?» жана «Генерал Абдыкаровдун кадрларына күнү түшкөн Жунушалиев кетсин!» деген аталыштагы макалалар үчүн гезитти беш миллион сомго сотко берген.

Биринчи макала 2019-жылдын апрель айында мукабасындагы коллаж менен чыккан жана анда свастикасы бар галстукчан жана министрдин башы коюлган келемиш тартылган. Ал эми экинчи макала ошол эле жылдын май айында чыккан — гезиттин мукабасында Жунушалиевдин башы коюлган кыздын фигурасы тартылган.

Райондук сот ИИМдин башчысынын талаптарын жарым-жартылай канааттандырып, гезитти министрге миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирди. Ал учурда гезит бир номер чыгарып, анын мукабасында судья менен ИИМдин башчысы тартылган эле.

«Азия Ньюска» карата доо

Жеңиш Разаков вице-премьерлик кызматта турганда гезитти «Тажикстандын чалгыны менен байланышы» бар делген ыктымал макала үчүн сотко берген. Кадыр-баркына келген зыяндун өлчөмүн ал 10 млн сомго баалаган. Райсот аткаминердин доосун жарым-жартылай канааттандырып, гезитти ага миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирген.

Ошондой эле сот ИИМдин 7-башкармалыгынын башчысы Бакыт Матмусаевдин доосун да канааттандырып, ага 15 000 сом төлөөгө милдеттендирген.

ИИМ башчысынын мурдагы орун басары Данияр Абдыкадыров (гезиттин башкы редактору Асланбек Сартбаев аларды Райымбек Матраимов жараштырган деп билдирген) жана парламенттин экс-спикери Акматбек Келдибеков да гезитти сотко берип, андан кийин доолорун чакыртып алган.