Белгисиз адамдар «ПолитКлиниканын» редакциясын тинтип кетишти

«ПолитКлиника» басылмасынын башкы редактору Дилбар Алимова кабарлагандай, басылманын кеңсесин бузуп кирип, 3-мартка караган түнү тинтип кетишкен. Белгисиз адамдар кеңсенин ичине кирип, компьютердин катуу дискин жана журналисттердин дептерлерин уурдап алып кетишкен.

Редакияда байкоо камералары жок болгондуктан бузуп киргендер кандай адамдар экени жана кеңсени кантип тинтишкени белгисиз.

«[Тинтүүнү] кайсы бир материл менен байланыштыра албайбыз, бирок биз дайыма журналисттик иликтөө жүргүзүп келебиз», — дейт Алимова. Басылма Биринчи май РИИБине арыз жазган. РИИБден арызды кабыл алышканын маалымдашты.

Урматтуу достор! Бүгүн түндө биздин офиске белгисиз бирөөлөр кирип, тинтип кетиптир. Кызыгы, кымбат баалуу техникаларга...

Posted by Dilbar Alimova on Monday, March 2, 2020

«ПолитКлиника» — кыргыз тилдүү басылма, алар иликтөө жана аналитикалык материалдарды чыгарышат. Мисалы, басылма Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимовдун мүлкү тууралуу жазган.