Жапаровду колдоо митингин тейлеген Осмоналиев «Ар-Намыстан» чыгарылат — Кулов

Экс-депутат Каныбек Осмоналиев 2-март күнү беш саат бою 10 жылга соттолгон саясатчы Садыр Жапаровду колдоо митингин тейлеген. Митингдин башка катышуучулары сыяктуу эле ал дагы экс-партиялашынын бошотулушун талап кылган. Мурда экөө тең «Ата-Журт» партиясынын депутаттары болушкан.

Бирок учурда Осмоналиев «Ар-Намыс» партиясында. Партиянын башчысы Феликс Кулов саясатчы уставды бузгандыгы үчүн партиядан чыгарылышы мүмкүндүгүн билдирди.

Феликс Кулов Осмоналиев митингге катыша тургандыгын партияга айтпаганын жана «жакын арада» саясий бирикмеден чыгарылаарын билдирди.

«Ал башында жеке адам катары, өз атынан келгенин жана партиянын (Ар-Намыстын) тиешеси жоктугун белгилеп коюшу керек эле. Ошондо ага карата маселе болбойт эле», — деди Кулов «Клоопко».

Бирок, митингде болгон журналиттердин айтымында, алар Осмоналиев митингде «Ар-Намыс» партиясынан болоору жөнүндө айтканын байкашкан эмес.

Мындан тышкары, Феликс Кулов митингди «өз убагында аяктап», «адамдарды аянттан алып кетүү керек болчу» деп кошумчалады.

«Уюштуруучулар адамдарын аянттан алып кетүүгө милдеттүү эле! Ошондо аянтта ким калганы түшүнүктүү болуп, милиция ошол чагымчыларга тийиштүү чараларды көрмөк», — деп эсептейт Кулов.

Митингдин уюштуруучулары катышуучуларды бийликке чечим чыгаруу үчүн үч күн берүүгө жана митингди аяктоого көндүрүүгө аракет кылышкан, бирок митингге чыккандар буга макул болушкан эмес. Беш саатка созулган тынчтык митингинен кийин алар акциянын катышуучуларын башкар албай, митинчилер Ак үйдү көздө жөнөшкөн. Натыйжада, нааразычылык акциясы суу аткычтар жана түтүн чыгаруучу шашкалар менен кууп таратылган.

Каныбек Осмоналиевди, уюштуруучулардын бири катары, митингден кийин кармашкан. Ага бийликти басып алууга аракет кылуу боюнча айып тагылышы мүмкүн. Феликс Кулов партиялаштары менен бирге Осмоналиевдин баш коргоо чарасы ден соолугуна байланыштуу эркиндигинен ажыратуу менен байланыштуу болбошун суранышаарын кошумчалады.