Оштогу көп кабаттуу үйлөрдүн короолорун эми жеке компаниялар тазалайт

Ош шаарынын кээ бир көп кабаттуу үйлөрдүн айланасын үстүбүздөгү жылдын февраль айынан баштап жеке компаниялар тазалай баштады. Бул кызмат үчүн батир ээлери айына 50 сомдон кызмат акы төлөп турушат.

Буга чейин көп кабаттуу турак жайлардын ички жолдорун, алды-артын «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасы жыйнап келген. Бирок жергиликтүү казынадан 2019-жылдан баштап короолорду тазалоого каражат бөлүнбөй калган. Ал акчаларды мекеме эскирген техникаларын жаңылоого сарптаган.

«Биз өзүбүздү өзүбүз каржылай албай калдык да. Себеби буга 150-200 адамды иштетишибиз керек. Аларга айына 1,5 млн сомдон ашуун акы төлөшүбүз керек болуп калат. Биз актай албай, жада калса айлыктарын убагында бере албай калып ишти жеке компанияларга бердик да. Короолорду шыпыруу, тазалоо деген биздин тарифте да жок. Биз көчөлөрдүн, жолдордун боюн шыпырабыз жана белгиленген жерлерден таштандыны алып чыгып кетебиз», — деди мекеменин башчысы Нурбек Исмаилов.

Исмаиловдун айтымында, ишкана шаардыктарга аталганы кызматты акылуу кылып көрсөтсө болот, бирок ал үчүн шаардык кеңештин депутаттары бул сунушту колдоого алышы керек болот. Бирок тургундардан ишканага түшкөн каражаттарынын салыгы көп болуп калышы мүмкүндүгүнөн, тазалоо акысы да жогорулашы мүмкүн дейт.

«Жеке ишкерлер патент менен иштесе боло берет да, ошого бул жагын да караганбыз. Аларга арзанга түшөт ал эми бизге көпкө түшүп калат. Анан дагы бир жери антимонополия да тарифти бизге коюп бериш керек болуп калат. Биз мамлекеттик ишкана болгон үчүн биз баш тартканбыз. Анан 50 сомдон коюп алып, өз алдыбызча топтой албайбыз. Мыйзам жол бербейт», — деп түшүндүрдү ал.

Шаардагы Салиева көчөсүнүн тургундарынын бири «Клооптун» журналистине короолорду жеке компаниялар тазалап туруусуна каршы эместигин айтты. Ал буга чейин жашоочулар ишембиликке чыгып жыйнап турушканын кошумчалап, бул ишти жеке компаниялар колго алышса короолору таза тураарын белгиледи.

Ал эми Алай №35-көчөсүнүн жашоочусу айына 50 сом төлөөгө каршы эмес, бирок ал ишти мурдагыдай эле «Ош-Тазалык» улантса дейт.

«Мэриянын кызматкерлеринин милдетине көп кабатуу үйлөрдүн короолорун да тазалоо ишин кошуп, “Ош-Тазалыкка” кызматкерлерди ишке алып, алардын айлыгын да көтөрүп койсо жакшы болот эле деп ойлойм. Баары мэриянын көзөмөлүндө эле болсо», — деди тургун.

Шаардык чарба жана транспорт боюнча вице-мэр Асылбек Топчубаевдин айтымында, учурда короолорду тазалоого үч компания киришти. «Эко-Тазалык-Сервис» жана «Иштерман KG» компаниялары тазалоо кызматтарын көрсөтүп келишет. «Эмир Хан» компаниясы ишин баштай элек. Кайсы компания сапаттуу кызмат көрсөтсө, ошол компания жашоочулар менен келишим түзүп иштеп кетет дейт Топчубаев.

Жеке ишканалар шаар тургундары менен келишимди түзмө-түз түзүшөт. Ал эми муниципалдык аймактык башкармалыктар алардын ишин көзөмөлгө алат.

«Эко-Тазалык-Сервис» жеке компаниясы 2017-жылы ачылганы менен, шаар тазалоо боюнча ишмердүүлүгүн ушул жылдын 1-февралынан баштаган. Аталган компаниянын жетекчиси Сулайман-Тоо, Керме-Тоо, Манас-Ата аймактык кеңештеринин жашоочулраы менен келишим түзгөн. Анда 20дан ашуун адам иштейт.

«Тазалоого үйлөрдүн алды-арты жана ички жолдору камтылат. Бул үчүн 50 сом деп тариф койгонбуз. Эгерде жашоочулар колдошсо үйлөрдүн ички тепкичтерин да жууп беребиз. Ошондо жалпы төлөм үчүн 100 сом болуп калат», — деп түшүндүрдү ишкананын башчысы Элгис Жумабаев.

Жумабаевдин айтымында, шаардыктар аталган демилгени негинен жакшы кабыл алышууда, бирок каршы чыккандар да жок эмес. Ошондой эле ал акча чогултууда кыйынчылыктар жаралып жатканын белгиледи. Анткени «бизде колдоно турган рычаг жок, түшүндүрүп гана жатабыз» дейт ал.