Жалал-Абад шаарында Ак калпак күнүн белгилөөгө чогулгандар таркатылды

Жалал-Абад шаары "Эркиндик" аянты. 5-март 2020-жыл. Сүрөт: Руслан Калматов/ "Азаттык" 

Жалал-Абад шаарында 5-мартта Ак калпак күнү белгиленген жок. Бир күн мурда Коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штаб жарандарга массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизүү тууралуу буйрук чыгарган. Анда пландаштырылган түрдүү иш-чаралар токтотулганы айтылган.

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Жээнбековдун айтымында, майрамдык салтанаттын уюштуруучуларына аталган кабар кеч жеткендигине байланыштуу алар аянтта чогулуп алышкан. Бирок кийинчерээк үйлөрүнө таркатылган.

Расмий маалымат боюнча 4-мартка карата Кыргызстанда коронавируска чалдыккандар катталган жок. Кыргыз өкмөтү коронавирустун алдын алуу үчүн инфекция көп катталган өлкөлөрдүн жарандарына Кыргызстанда кирүүгө чектөө киргизди.

Ага ылайык, Кытай, Жапония, Корея жана Италиянын жарандары эгерде акыркы 30 күндө эпидемиологиялык кырдаал жакшы өлкөлөрдө жүргөнү анык болсо, республикага кире алышат. Муну менен катар 30 күн эпидемиологиялык жагдайы жагымсыз болгон өлкөлөрдөн келе турчу бардык чет өлкөлүктөргө өлкө аймагына кирүүсүнө тыюу салынды.

Кыргызстанда Ак калпак күнүн 5-мартта белгилөө демилгесин режиссер Ырысбек Жабиров 2011-жылы көтөрүп чыккан. Жабировдун айтымында, майрамдын максаты улуттук баш кийимди кандайдыр бир иш-чарага гана кийбестен, күн сайын кийип жүрүүнү эркектер арасында жайылтуу.