Кадамжайда айыл өкмөт башчысы 100 гектар суулуу жерди сатып жибергенин төгүндөдү

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Ахмаджон Абдурахманов 100 гектар суулуу жерди кайракы жерге алмаштырып, ал жерлерди сатып жибергенин депутат Зиядин Жамалдинов Жогорку Кеңештин 5-марттагы отурумунда айтты.

Тасманын 18:31 мүнөтүндө.

Депутатка бул маалыматты аталган айылдын тургуну Мамыржан Эргашев кат аркылуу жиберген.

«Ошол жерди элдерге сатып, бүгүнкү күндө ал жер “Рублёвка” айылы деп аталып калды дейт [Эргашев]. Жерди жөнөкөй эл ала албайт, эгерде акча берсе, ошол кишилер гана алат экен. Даттанып кайрылбаган жери калбаптыр: райондук, облустук укук коргоо органдарынын баарына кайрылган дейт. “Кайрылуубуз эч качан биз тарапка чечилбейт, текшерүүчүлөр келсе эле акча менен оозун жаап жөнөтөт” деп эл нааразы болуп жатат», — деди Жамалдинов.

Ошондой эле Эргашев жазган катында ал 30 жыл мурун ыңгайсыз жерге бак-дарак тиккенден кийин, аны айыл өкмөт башчысы уруксат сурабастан 7 кишиге бөлүп берген.

Депутат Зиядинов жер сатууга айыл өкмөттөр көнүп алганын белгилеп, алардын кошумча бизнеси болуп калды деген пикирин билдирди. Ал өкмөттөн комиссия түзүлүп, маселени тезинен чечип берүүнү суранды.

Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Ахмаджон Абдурахманов «Клоопко» депутаттын сөзүн төгүндөдү. Анын айтымында, Эргашов 1990-жылдары өз билемдик менен жерди иштетип баштаган. Бирок «бак тикпей, жер кыртышты бузуп, кыш жасап сатып жүрөт» дейт айыл өкмөт башчысы.

«Эргашев ал жерге эч кандай тиешелүү документтери жасаткан эмес. Бул жер башынан эле айыл өкмөттүн балансында болгон. Текшерүү учурунда да эч кандай тастыктоочу документтерди көрсөтпөй жатат, жадагалса текшерүү иш-чараларында да катышпайт», — деп түшүндүрдү Абдурахманов.

Ошондой эле ал 100 гектар жерди сатылып, учурда «Рублёвка» айылы деген маалыматты «жалган» деди.

«“Рублёвка” деген айылдын чыныгы аты Камбарабад, ал жерде жөнөкөй эле үйлөр салынган. Эргашев бул маселе боюнча да ар жерге кайрылган. Анын арызы менен прокуратура, экотехинспекция, акыры өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү да келишкен текшерүүгө. Бирок эч кандай бузуулар табылган эмес», — деди Абдырахманов.

Абдырахманов жердин мыйзамдуу ээлери жергиликтүү бийликке тилкелерин кайтарып алуу боюнча арыз менен кайрылганын кошумчалады.