Казакстан кыргызстандыктарга ID-карта менен кирүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан коронавирус эпидемиясына байланыштуу кыргызстандыктарга өлкөнүн ичине ID-карта жана жашы жете элек балдарга туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов 6-марттагы басма сөз жыйынында билдирди.

Коңшу өлкөгө 8-марттан тарта жалпы жарандык паспорт менен гана кирүүгө болот. Бул чара өлкөгө кирген жарандардын буга чейин кайсы мамлекеттерде болгонун аныктоо үчүн колдонууда.

Кыргызстандыктар буга чейин ID-карта менен Казакстан жана Орусияга кире алышкан. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова Орусия ID-карта аркылуу кирүүгө чектөөлөрдү киргизгени тууралуу маалымат түшпөгөнүн айтты.

Кыргызстанда 1-марттан мамлекеттик чек арадан ID-карта менен өтүүгө убактылуу тыюу салынган. Расмий маалыматка ылайык, мамлекеттик чек арадан эпидемиологиялык кырдаал начар болгон өлкөлөрдөн Москвага келгенин жашырып, ID-карта менен өтүүгө аракет жасаган кыргызстандыктар аныкталган. Алардын бардыгы карантинге алынды.