Ош мэриясы аялдардын укуктарына арналган жөө жүрүш өткөрүүгө тыюу салды

Ош шаарында өткөн жылы уюштурулган жөө жүрүш. Сүрөт: Маматказы Расул уулу

Ош шаарында 8-мартта өтө турган «Аялдардын тилектештик тынчтык маршы 2020» өткөрүлбөйт. «Новый ритм» коомдук бирикмесинин өкүлү Мадина Салайдинованын айтымында, бул иш-чараны токтотууга Ош ШИИБиден жана шаардык мэриядан келген кабарлама себеп болду.

«Коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдан массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салуу тууралуу буйрук чыккан экен. Ошого байланыштуу биз маршты өткөрбөсөк да, 8-марттын урматына уюмдун кеңсесинде марштын темасына арналган дискуссия өткөрөлү деген чечимге келдик», — деди Салайдинова.

«Новый ритм» уюмунун мекемесинде аялдарга карата үй-бүлөлүк зордук-зомбулук темасында флэшмоб өткөрүлүп, юридикалык жана психологиялык кеңештер берилет деп кошумчалады Салайдинова.

Ош шаардык мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров «Новый ритм» уюмуна билдирүү кагазын 5-мартта берилгендигин тастыктады.

«“Новый ритм” бизге марш тууралуу бир жума мурун билдирүү беришкен. Анан кече коронавирука байланыштуу буйрук чыкканы үчүн ошонун негизинде кайра аларга жөө жүрүш өткөрүлбөсүн деп айттык», — деп түшүндүрдү Абсаттаров.

Республикалык штабдан чыккан буйруктун негизинде 5-мартта өлкө боюнча Ак калпак күнү да белгиленген эмес. Андан бир күн мурда аталган ведомство Коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча жарандарга массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизүү тууралуу буйрук чыгарган. Анда пландаштырылган түрдүү иш-чаралар токтотулганы айтылган.

«Новый ритм» коомдук бирикмеси 2014-жылы түзүлгөн. Уюмдун мүчөлөрү жаштарды колдоо жана адам укуктары сакталып турган коомду кура турган келечек муундардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү багытында иш алпарат. Ал эми 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата тынчтык маршын аталган бирикме 2017-жылдан бери өткөрүп келет. Анда аялдардын укугу, тең укуктуулук, тилектештик, билим алууга болгон укук тууралуу чакырыктар жаңырат.