Башкы прокуратура митингдерге тыюу салууну мыйзамсыз деп тапты

Башкы прокуратура Бишкектин райсотторунун июлга чейин митингдерди өткөрүүгө тыюу салуу жөнүндө токтомдорун мыйзамсыз деп тапты. Тынчтык акцияларын өткөрүүгө тыюу салууну талап кылып сотторго мэрия жана жергиликтүү администрациялар кайрылган. Доо талаптын бардыгы тынчтык митингдерин өткөрүүгө тыюу салуу Конституцияга каршы келээрине карабастан канааттандырылган. Митингдерге чындап эле пандемия коркунучунан улам чектөө киргизсе болот. Бирок Кыргызстанда расмий түрдө коронавирус жуктургандар жок.

Митингдерге аялдардын укугу үчүн ар жылы өтө турчу марштын алдында тыюу салышкан. Бирок мэрия Конституцияга каршы келген чечимдерди сүрөп жатат деген айыптар менен сындардан кийин 6-мартта чектөөлөрүн чакыртып алып жатканын кабарлаган. Дем алыш күндөргө чейин тыюу чакыртып алынганы тууралуу болгону Свердлов райсоту гана билдирген, ал эми башка райондордун администрациялары соттор марш өткөргөнгө чейин чечим кабыл алууга үлгүрүп-үлгүрүшпөгөнүн билишкен эмес.

Тыюулардын расмий себеби — коронавирус коркунучун алдын алуу, бирок Биринчи май райондук сотунда ИИБдин өкүлү коронавирус жуктуруу коркунучун эмес, маршка транс аялдар катышат деген кооптонуусун билдирген.

Анткен менен 8-мартта аялдардын укугу үчүн марш башталбай туруп үзгүлтүккө учуратылган. Марштын катышуучулары менен уюштуруучуларына чагымчылар кол салып, андан кийин милиция чагымчыларды кармабастан чабуулдан жапа чеккен маршка катышууга келгендерди кармап кеткен. Кийинчерээк милиция беш чагымчы кармалганын билдирген. Бирок маршка кол салгандардын саны 30 адамдан кем эмес болгон. Ошол эле маалда маршка катышуучуларды кармап алып милициянын колуна өткөрүп берген агрессивдүү маанайдагы аялдар да болгон.

Милиция марштын 70ке жакын катышуучусун кармаган, алардын кээ бирөөлөрү күч колдонуу болгонуна даттанышкан. Башында милиция жана мэрия аларга жыл сайын өтчү маршты өткөрүү тууралуу билдиришпегенин маалымдашкан, бирок мыйзам боюнча аларга билдирүү жөнөтүүгө милдеттүү эмес.

Андан кийин милиция катышуучуларды чагымчылар менен «кагышып кетишкени» үчүн кармаганын билдирген — бирок, кагышуу болгон эмес, ал жерде чагымчылардын маршка келген аялдар менен эркектерге чабуулу орун алган. Мунун бардыгы видеого тартылган. ЖМКлар милицияга таянып, марштын алты катышуучусуна баш ийбөөчүлүк айыбы тагылып, штраф салынганын билдирген — тагылып аткан доолордун ичинде кыздар сөгүнүшкөн делген маалымат да айтылган. Ошол эле учурда окуя болгон жерде тартылган видеолордон чагымчылар да адепсиз сөздөрдү колдонгонун байкоого болот. Милициянын маалыматына ылайык, кармалган беш чагымчыга да штраф салынган.

Бирок «Клоопто» баш ийбөөгө айыпталган жети катышуучунун протоколдору бар, бирок анда штрафтар тууралуу маалымат жок. Эреже боюнча, аялдардын айыппулга жыгылаар-жыгылбасын комиссия токтом кылышы керек.