Милиция аялдардын укугу үчүн маршты үзгүлтүккө учураткан чагымчыларды издеп жатат

Бишкек милициясы аялдардын укугу үчүн марш башталганга чейин эле анын катышуучулары менен уюштуруучуларына кол салган чагымчыларды издеп жатканын билдирди. Ошол эле учурда кол салуу болгон жерде тартылган көптөгөн видеолордон милиция чагымчылар аялдарды сабап жатканын көрүп, бирок чара көрбөгөнүн байкоого болот. Ошондой эле чагымчылар милиция кызматкерлеринин жанынан ээн-эркин эле өтүп жатышканын, бирок милиция аларды кармоонун ордуна марштын катышуучуларын кармап, автобуска салып кетип жатканын көрүүгө болот.

Биз ведомстводон эмне үчүн чагымчылар кол салуу учурунда кармалбаганын сурап такташтырганга аракет кылдык, бирок ИИМ менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Милиция буга чейин чагымчылардын бешөөсүн кармаганын билдирген, бирок марштын катышуучуларына кол салгандардын саны кыйла көп болгон — 30га чукул адам.

Аялдардын укугу үчүн тынчтык акциясы 8-март күнү өтүшү керек болчу, бирок чагымчылар жүрүштүн катышуучуларына башынан эле тоскоолдук жаратып, аялдарга кол көтөрүп, транспаранттарды сындырып кетишкен. Марштын уюштуруучулары буга чейин бир нече күн мурда да бийлик сот аркылу июлга чейин митингдерге тыюу салганда тоскоолдуктарга кабылышкан. Анткен менен бул чечим мыйзамсыз жана Конституцияга каршы келет.

Бишкек мэрияся 6-мартта тыюу тууралуу доо талабын чакыртып алганын кабарлаган. Тыюуну Свердлов райсоту жокко чыгарууга үлгүргөн, бирок башка райсоттор чектөөнү жокко чыгарып-чыгарышпаганы белгисиз болгон. Бирок тыюулар бары бир деле Конституцияга каршы келген. Ал эми 9-мартта тыюулардын мыйзамсыздыгын Башкы прокуратура ырастаган.

Милиция Свердлов РИИБне кагылышкан эки тарабын алып барганын билдиргени менен автозакта марштын катышуучулары гана болгон. Кийинчерээк РИИБге чындап эле марштын катышуучуларына кол салгандарга окшош калпакчандар келген — бирок аларга кармалган марштын катышуучуларына карата жасалгандай мамиле кылынган эмес, тагыраагы, кол кайруу, башка жана далга чабуу. Алар тынч эле РИИБге келип, имаратка ээн-эркин эле кирип кетишкен.

Чабуулдан жапа чеккендердин көбүн Свердлов РИИБинде эки саат кармоодон кийин айып тагуусуз коё беришкен. Бирок марштын алты катышуучусуна айып пул салып, анын ичинде сөгүнүшкөн деп баш ийбөөчүлүккө айыпташкан. Мындан тышкары, маршта башка сөгүнүп, катышуучуларды милицияга өткөрүп берген чагымчы аялдар да болгону менен алар кармалган эмес.