Видео: 8-мартка белек катары сый тамак уюштуруп берүүнү талап кылган мугалим иштен алынды

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Баки Эшмамбетов атындагы орто мектебинин мугалими 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата окуучулардан белек катары тамак уюштурууну талап кылгандыгы үчүн жумушунан бошотулду.

Мугалим окуучулардан майрамга карата дасторконго суусундук, салат алып келип берүүнү айтып жаткан учуру тасмага түшүп калган. Тасмада окутуучунун окуучуларга корс мамиле кылгандыгын көрүүгө болот. Ал эми видео соцтармактарга 9-мартта жарыяланды.

«Сенин белегиңи билем мен. Бир тетрадь, бир ручка алып жата бер. Мага бербей эле койгула бир тетрадь бир ручка…бербей эле кой! Максутов, эшике эртен мугалимдер отурушат, кичине чай уюштуруп, мындай бир салат жасап келе аласыңарбы, же мындай бир суусундук алып бере аласыңарбы деп суроо берсем, кыздарың “бар жогол” деди. “Мен сизге эмнеге беришим керек экен” дейт тиги кызың!», — деген мугалим.

Уят эле....Педагогдор оюңарды Айткылачы бай болгурлар...

Posted by Чынара Эсенбековна on Sunday, March 8, 2020

Кара-Кулжа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдрасул Бектемиров окуя боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп, мугалим жумушунан четтетилгенин «Клоопко» тастыктады.

Билим берүү министрлигинин басма сөз катчысы Марина Греченная мугалимдер арасында жеткиликтүү түшүндүрүү иштерин жүргүзбөгөндүгү үчүн мектеп директоруна тартиптик жаза колдонулгандыгын айтты.

«Окуучулардан мыйзамсыз аракеттерди талап кылган мугалим Билим берүү жана илим министрлигинин “Ар кандай даталуу жана майрамдык күндөргө карата мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салынышы боюнча” буйрукту аткарбаганы үчүн жумуштан алынды», — деди Греченная.