Депутат Никитенко 8-марттагы маршка чабуул кылгандардын өздүгүн аныктоого чакырды

Парламенттин отурумунда депутат Наталья Никитенко чагымчылдар тарабынан үзгүлтүккө учуруган марш тууралуу теманы көтөрүп, алардын өздүгүн аныктоого чакырды.

«Кесиптештерим менен макулмун, коронавируска байланыштуу чараларды көрүш керек, бирок өлкөбүздө өзүбүздүн вирус өркүндөп жатат — “жек көрүүчүлүк жана зомбулук вирусу, айрыкча аялдарга карата зомбулук», — деп билдирди депутат.

Наталья Никитенко укук коргоо органдарынын аракеттерине да баа берүү керектигин айтты.

«Менимче, бет капчан чагымчылдардын өздүктөрү аныкталышы керек жана укук коргоо органдардын аракеттерине баа берилиши керек, алар чагымды болтурбоонун ордуна аялдарды Свердлов РИИБине алып кеткен», — деди Никитенко.

Аялдардын укугу үчүн марштын үзгүлтүккө учурашы

2020-жылдын 8-мартында Бишкек шаарында бет кап кийген эркек кишилер аялдардын укугуна арналган жыл сайын өтчү маршка кол салышкан. Алар марштын катышуучуларына чабуул жасап, транспаранттар менен плакаттарды айрып салышкан. Андан кийин милиция кол салгандарды эмес, андан жапа чеккендерди кармап кеткен.

Чагымчыл. Сүрөт: Александра Титова

Милиция жалпысынан 70ге чукул адамды кармаган. Алар Свердлов РИИБинде эки сааттан ашык убакыт болуп, жапа чеккендердин көбү айып тагылбастан коё берилген.

Марштын уюштуруучулары, 7 адам, РИИБде көбүрөөк убакыт өткөрүшкөн. Алардын кээ бирөөлөрү милиция кызматкерлерине «баш ийбөө» боюнча айыппулга жыгылышы мүмкүн.

Тынчтык маршынын катышуучусун кармоо. Сүрөт: Александра Титова

Кийинчерээк милиция дагы беш чагымчыл адам кармалып, айыппулга жыгылганын кабарлаган, бирок кол салгандардын саны 30га чукул болгон жана аларды марш учурунда кармоого мүмкүн эле.

Видеого караганда, марштын уюштуруучулары жардам сурап кайрылып, бир нерсе болуп кетиши мүмкүн деп эскертишкен, бирок ШИИБдин башчысынын орун басары Эрлан Атантаев аялдарга жардам берүүдөн баш тартып, аянтка жөн гана сейилдөө үчүн келгенин айткан. Кийинчерээк ал уюштуруучулар марш тууралуу эскертишкен эмес деп айтып чыккан, бирок, алар эскертүүгө милдеттү эмес эле (ошондо да билдирүү беришкен).

Ошондой эле, марштын катышуучуларына жардам бербей, чагымдын орун алышын мүмкүн кылган аткаминер милиционерлердин арасында Свердлов РИИБинин башчысы Ашым Тагаев да бар.