Баткенде ундун баасы көтөрүлгөн жок — Өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгү

Баткен облусундагы селектордук жыйын учурунан кадр. Сүрөт: Чолпон Бердигулованын фейсбук баракчасынан алынды

Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов коронавируска байланыштуу азык-түлүккө болгон тартыштык боюнча Баткен облусунда селектордук жыйын өткөрдү. Аталган жыйында ундун кору жетиштүү экендиги жана азык-түлүктөрдүн баалары мурдагыдай баада сатылып жаткандыгы тууралуу айтылды. Бул боюнча Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердигулова маалымдады.

«Баткенде азык-түлүккө болгон баа туруктуу. Баткен облусунун аймагынан кошуна мамлекеттерге ун жана башка күндөлүк керектелүүчү азыктарды алып чыгуу такай көзөмөлгө алынды. Тажикстанда да унга болгон тартыштык жок. Баткендеги баага караганда Тажикстанда ун 300 сомго чейин арзан. Ошондуктан облус аймагындагы унду ишкерлер Тажикстанга сатууда деп кооптонууга негиз жок. Азык-түлүккө болгон бааны негизсиз көтөргөндөргө чара көрүлөт», — деп айтылат Бердигулова тараткан маалыматта.

Мындан сырткары, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов тийиштүү жетекчилерге ар бир сатуучу менен жекече иш алып барууну тапшырган. Ал эми 15-мартта Баткен шаарынын вице-мэри Мамасыдык Султанов базар кыдырып элге түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда коронавирус катталган жок. Бирок өлкөгө коңшулаш мамлекеттерде — Өзбекстанда 4 киши, Казакстанда 9 адам короновирус инфекциясы менен катталды. Мындан улам Казакстанда 16-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө кырдаал жарыялады.

Ал эми өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев «коронавирусту жугузуп алган адамдардын Казакстандан жана Өзбекстандан аныкталышы менен оору Кыргызстанга жакындады» деп билдирди. Буга байланыштуу аталган өлкөлөрдөн келген адамдарды текшерүү күчөтүлөрүн белгиледи.