«Тынчтык» корпустун Ош облусундагы ыктыярчылары өз мекенине кайтышууда

АКШдан Кыргызстанга келген «Тынчтык» корпусунун ыктыярчылары коронавируска байланыштуу эвакуацияланат. Ал эми Ош облусунан өз мекенине 75 волонтёр кайтат. Бул тууралуу «Клоопко» аталган корпустун коомчулук менен байланыш координатору Асылгүл Акимжанова маалымдады.

«Бүгүнкү күндө "Тынчтык" корпусу дүйнө жүзү боюнча ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуп, волонтёрлорду эвакуациялоону баштады. Бул COVID-19 илдети тарап, эл аралык каттамдардын жабылып жаткандыгына байланыштуу», — деди Акимжанова.

Акимжанова «Тынчтык» корпусу чет өлкөлөрдөгү кеңселерин жаппаганын айтып, кырдаал жөнгө салынаары менен жумуш уланаарын кошумчалады.

АКШнын «Тынчтык» корпусу федералдык агенствосу англис тилин үйрөтүү боюнча 1993-жылдан бери иш жүргүзүп келет. 25 жыл аралыгында Кыргызстанга миңден ашуун ыктыярчылар келип кетишкен.