Айдоочулар өкмөттөн Кытайдагы оор жүк ташыган унааларын алып чыгууга жардам сурашууда

Ош шаарында 17-мартта «Айдоочу» коомунун мүчөлөрү маалымат жыйын курушту. Алар кыргыз өкмөтүнөн Кытайда калып калган оор жүк ташуучу унааларды Кыргызстанга алып келүүгө жардам берүүнү суранышууда.

Кытайда 50 оор жүк ташуучу унаа калып кеткен

Кытайга каттаган оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары маалымат жыйын курушууда. Алар Кытайда калып кеткен унааларын алып келүү боюнча кайрылуу жасашат. Кыргыз-кытай чек арасына 100 км жакын жерде 50 оор жүк ташуучу унаа токтоп турат.

Posted by Kloop кыргызча on Monday, March 16, 2020

Кытайдагы Жаңы жыл майрамына, андан кийин коронавируска байланыштуу кыргыз-кытай чек арасы жабылган. Буга байланыштуу эки ай мурун Кытайдын аймагына жүк жеткирүү үчүн кирген 30 кыргызстандыктын унаалары кайра чыга албай калган.

Айдоочулардын бири Дамир Токторовдун айтымында, көпчүлүк айдоочулар унааларын кредитке алышкан жана үй-бүлөсүн жалгыз багып келишет. Ал жок дегенде 24 саат убакыт берилсе унааларды алып чыгып кетмекпиз дейт.

«Айдоочулардын иши талаада болгондуктан, аларда акча кору да болбойт. “Айдоочу” коомдук бирикмесинде 1000ге жакын кызматкер иштейт, мындайча айтканда бир унаа эки үй-бүлөнү да багып калат. Анткени бири унаанын ээси болсо, бири анын айдоочусу. Биз азыр унааларыбызга жүк жүктөбөй эле алып чыгып кетүүгө макулбуз, баардык инструкцияга жана карантинге да каршы эмеспиз», — деди Токторов.

Токторов учурда унаалар Кытайдын Улугчат аймагында калып, аталган аймак Ухандан 6 миң километр, ал эми Кыргызстандан 100 километр алыстыкта жайгашкандыгын кошумчалады.

Дагы бир айдоочу Надыр Токторов 6-мартта вице-примьер-министр Эркин Асрандиев менен бул маселе боюнча жолгушуу болгонун айтты. Бирок азыркы күнгө чейин маселени чечүү боюнча иштер аткарыла электигине токтолду.

«Калып кеткен 30 унаанын тизмесин бергенбиз. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз деген гана жооп угуп келе жатабыз. Бизди ойлондурган маселе кээ бир айдоочулардын виза мөөнөтү аяктап баратат. Эгер мөөнөтү бүтсө анда унааны такыр алып чыга албай калабыз. Кийин сот аркылуу гана алып чыгууга туура келет, сот жылдап созулушу мүмкүн. Азыр алып чыгууга бүт шарт бар, себеби Кытай туруктуу иштеп жатат», — түшүндүрдү Токторов.

Айдоочулар аларга унааларын алып келүүгө уруксат берилсе карантинге жаткырылууга даяр экендигин белгилешти. Бирок материал жарык көрөөр алдында Тышки иштер министрлигинен, кыргыз өкмөтүнөн комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Буга чейин Кытайдын Улугчат аймагынан оор жүк ташыган 22 кыргызстандык айдоочу мекенине кайтып келген. Алар 4-февралда Кыргызстандын «Эркечтам» көзөмөл-өткөрмө бекетине келишип, убактылуу жатаканага жайгаштырылган соң изоляцияланган.

Ушул тапта Иранда 76 кыргызстандык айдоочу мекенине кайта албай турушат. ТИМ бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын билдирген. Көп өтпөй Соода-өнөр жай палатасынын логистика жана транспорт боюнча комитетинин төрагасы Талантбек Маткерим уулу «Азаттыкка» кыргызстандыктар өлкөгө Азербайжан аркылуу өтүп келерин маалымдаган.