Коронавирустан улам Орусиянын «Порнофильмы» тобунун концерти болбой калды

Орусиянын «Порнофильмы» тобу 18-мартта Бишкекке «Ретро-Метро» клубуна концерт коюп келиши керек болчу.

Бирок 16-мартта «ВКонтактедеги» иш-чаранын тайпасында уюштуруучулар концерт «Кыргызстанда иш-чаралардын бардыгы токтотулуп жаткандыгына байланыштуу» болбой калганын кабарлашкан.

Уюштуруучулардын айтымында, концерт өтөт, бирок кийинчерээк — жаңы убактысы пландалып жатат.

Жада калса эгер «Порнофильмы» концертин өткөрүгүсү келсе да аны түнкү клуб же концерттик аянтчада өткөрүү мүмкүн болмок эмес. Себеп дегенде коронавирус жуктуруу коркунучунан улам кыргыз бийлиги түнкү жана компьютердик клубдардын, анын ичинде 50дөн ашуун адамга ылайыкталган кафе жана ресторандардын ишине убактылуу чектөө киргизген.

Кыргызстандыктарды үйдөн чыкпоого жана учурда мектептен карантинге таркаган балдарын үйдө кармоого чакырышууда. Ошондой эле компаниялардан үй шартында, тагыраагы, аралыктан туруп иш алып барууну суранышууда.

Өкмөт өлкөдө коранавирус пайда болуп калышы мүмкүндүгүнө байланыштуу дем алышсыз иштөө тартибине өтүүнү убада кылууда. Кыргызстанда коронавирус расмий тастыктала элек. Бирок Казакстан менен Өзбекстанда жуктуруу учурлары катталган.