«Кырк Чоро» парламенттик шайлоого катышууну пландап жатат

«Кырк Чоро» кыймылынын негиздөөчүлөрүнүн бири Кубанычбек Дүйшеев аталган уюм 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катышаарын билдирди.

«Биз учурда 10 партия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Шайлоого ким менен биргеликте бараарыбызды азырынча чече элекпиз. Бизге жакыныраак болгон, көз караштары биздикине дал келген партиялар бар», — деп билдирди Кубанычбек Дүйшеев.

Дүйшеев сүйлөшүүлөр кайсы партиялар менен жүргүзүлүп жатканын тактап айткан жок, бирок «Кырк Чоронун» саясий программасы бар экенин белгилеп өттү. Буга чейин, аталган кыймылдын жаңы жетекчиси Замирбек Кочорбаев журналисттерге Кырк Чоронун аброюн жакшыртам деп билдирген болчу.

Парламенттин экс-депутаты жана укук коргоочу Чолпон Жакупова кыймылдын чечими боюнча өз пикирин билдирди.

«Бизде депутаттыкка ким гана аттанбайт — артисттер, шоумендер. Бул “Кырк Чоробу” же дагы башка бирөөбү — эч айырмасын деле байкабайм. Маселе жарандардын тандоосунда жатат. Бул идеологиялык баалуулуктардын маселеси эмес. Бул калктын баасы. Эгер калк арзан болсо, шайлоо да ошондой болот», — деп айткан ал «Vesti.kg» басылмасына.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова «“Кырк Чоро” сыяктуу адамдар, көз карашы ошондой адамдар өлкөдө кыйла көп» деп билдирди.

«Парламенттин азыркы чакырымында да ошондой эле, “Кырк Чорого” таяп койчу адамдар бар. Алар зомбулукту актоо жана кимдир бирөөнүн буйрутмаларын аткаруу үчүн, салттар жөнүндө айтуу менен коомчулуктун көзүн тунартып жатышат», — деп белгиледи ал.

«Кырк Чоро» улутчул патриоттор кыймылы Кыргызстанда адам укуктарынын бузулушуна тиешелүү болгон бир нече жаңжалдарга байланыштуу болгон. Алар 2019 жана 2020-жылдары 8-мартта болуп өткөн Аялдар маршына жана феминисттердин иш-чараларына каршы контракцияга чыгып, кыргызстандык айымдарга чет өлкөлүктөргө (айрыкча кытайлыктарга) күйөөгө тийүүгө тыюу салууну талап кылышкан, көңүл ачуучу мекемелер боюнча рейддерди өткөрүшчү — чынында мындай кылууга укуктары жок болчу.

2019-жылы «Кырк Чоронун» лидерлери кыймылында 4 миң 700 мүчө бар экенин билдиришкен.