Ноокат районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Ош облусунун Ноокат районунда үч кишиден коронавирус аныкталды. Буга байланыштуу аким Давранбек Маматалиев районго өзгөчө кырдаал тартиби киргизилгенин маалымдады.

Өзгөчө кырдаалга ылайык, эл көп чогулган обьектердин ишмердүүлүгү токтотулат жана бардык транспорттордун райондун аймагына кирүүсүнө жана аймактан чыгуусуна чектөө киргизилет. Ошондой эле коомдук тартиптин сакталышы көзөмөлгө алынат.

Ноокатта коронавирус аныкталгандан кийин Ош шаарында дагы 700 орундук уюштурулду. Бул боюнча саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 20-мартта өткөн басма сөз жыйында кабарлады. Министрдин айтымында, бүгүнкү күндө медициналык жана санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

«Кыргызстан боюнча обсервацияга жана ооруканага жаткыруу үчүн жалы орундуктардын саны 2290, ал эми илдетти жуктуруп алгандар Сузак районунда — 3, Ноокатта — 3, обсервацияда — 410 адам көзөмөлдөнүп жатат. Кичи Умрадан келген тургундар менен байланышта болгон 1042 дарыгерлердин көзөмөлүндө турат», — деп маалымдады Чолпонбаев.

Ноокаттын тургундары да буга чейин Сауд Арабиядан кичи ажылыктан келишкени айтылды.

18-мартта Сузак районунда да өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Ага ылайык аймакта той-аш өткөрүүгө, адамдардын бир жерде чогулуусуна тыюу салынган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Coronalive: Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустун кырдаалы тууралуу нон-стоп трансляция