Ноокат шаарындагы дарыканаларда беткап тартыш болуп жатат

Ноокат шаары. 2020-жылдын 20-марты. Сүрөт: Хамидулло Узаков

«Клооптун» кабарчысы Элдияр Бакировдун айтымында, Ноокат шаарындагы көпчүлүк аптекаларда беткап калбай калды. Дарыканалардын кызматерлери Бакировго беткапты тургундар 20-мартта таң эрте сатып алып коюшканын айтышкан.

«Алты-жети аптекага кирдик. Беткап жок экен. Акыркы эки-үч күндө беткапты массалык түрдө сатып алуу көрүнүшү жаралган экен», — деп түшүндүрдү Бакиров.

Бүгүн эртең менен саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Ноокат районунун үч тургунунда коронавирус катталганын айтты. Алар кичи ажылыктан учак менен Ошко келгени кабарланды. Учурда алар менен чогуу учуп келгендердин аты-жөнү такталып жатат.

Ноокат районуна 20-мартта саат 10:00до өзгөчө кырдаал киргизилди жазды. Ал эми оору жуктургандар Жаңы-Ноокат жана Зулпуев айыл өкмөтүнүн тургундары экени айтылды.

Ушуну менен Кыргызстанда 6 адам коронавирус жуктурганы белгилүү болду. Буга чейин Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 3 тургунунда аталган оору табылган — алар да Сауд Арабиядагы кичи ажылыктан учуп келишкен.

2020-жылдын мартынан тарта Ош шаарында жана Ноокат районунда «Дастан-Стиль» ишканасы беткап чыгарып баштады. Ишкананын жетекчилиги өлкөдө беткап тартыш болгонун билдирип, аны суроо-талап түшмөйүнчө тилишерин кабарлашкан. Ишкана күнүнө 13 миң беткап чыгарууда.

Кыргызстандагы коронавируска байланыштуу кырдаалга бул жерден көз салып туруңуз:

Coronalive: Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустун кырдаалы тууралуу нон-стоп трансляция