Ош шаарындагы базарлар жана эл көп чогулчу жайлар ишин убактылуу токтотту

Ош мэриясы 20-марттан баштап шаардагы бир нече базарлардын ишине убактылуу чектөө киргизди. Жергиликтүү бийлик эл көп чогулган жайлардын баары жабылаарын эскертет.

«Ош шаарындагы борбордук унаа базарлары, унаа тетиктерин саткан жайлар, кийим-кечек саткан базарлар бүгүндөн баштап убактылуу иштебейт. Карантин качанга чейин созулаары кырдаалга жараша болот», — деп түшүндүрдү «Клоопко» мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров.

Анын айтымында, «Сулайман-Тоо» музей комплекси да карантинге жабылды. Эми тоого чыгууга жана музейди зыярат кылууга болбойт.

Ошондой эле Абсаттаров шаардагы коомдук транспорттордун саны карантинге байланыштуу кыскартылганын кошумчалады. Буга шаардык мектептер, бала бакчалар, жогорку жана орто окуу жайлар карантинге жабылганы себеп деди ал.