Ош шаарында мамкызматкерлер үчүн атайын каттам ишке киргизилди

Ош шаарындагы троллейбустук каттам. Сүрөт: Мэриянын басма сөз кызматы

Ош шаарында 23-марттан тартып мамлекеттик кызматкерлер үчүн муниципалдык транспорттун бир нече каттамы ишке кирди. Атайын каттам өзгөчө кырдаал режиминде иштеп жаткандар үчүн уюштурулду.

«Мамлекеттик ишканалардын кызмакерлери үчүн ишке киргизилди. Анын арасында дарыгерлер, ӨКМде иштегендер, милиция кызматкерлери бар. Алардын баарынын эле унаасы бар эмес да, ошол себептүү биз ушундай чечимди кабыл алдык», — деди мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров.

Троллейбустук жана автобустук каттамдар күнүнө эрте  менен жана кечинде үчтөн каттам жасашат. Эрте мененки каттам саат 07:00дө, 07:30да, 08:00дө уюштурулат. Кечки каттам жүргүнчүлөрдү саат 18:00дө, 18:30да, 19:00дө ташыйт.

Буга чейин 20-мартта шаардагы коомдук транспорттордун саны карантинге байланыштуу кыскартылган. Кийинчерээк өлкө боюнча бардык коомдук транспорттун ишине убактылуу чектөө киргизилген. Бул чара Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдар катталгандан кийин кабыл алынды. Учурда ооругандардын саны 14 адамды түзөт. Алардын үчөө Ош облусунун Ноокат районунун тургундары болуп саналат.