Пакистанда кыргызстандыктан коронавирус аныкталды

Кыргызстандын ТИМи Пакистанда 57 жаштагы кыргызстандыкта коронавирус аныкталганын кабарлады.

«Алдын ала маалымат боюнча, ал башка дагы төрт кыргызстандык менен бирге Пакистандын аймагына дааватка келген. Бул жарандар консулдук каттоого турушкан эмес, Кыргызстандын Пакистандагы элчилигине жардам сурап кайрылышкан эмес», — деп билдирдишти министрликтен.

Оору жуктурган кыргыз жараны учурда Исламабад шаарынын PIMS (Pakistan Institute of Medical Sciences) ооруканасында, калган төртөө карантинге жайгаштырылган.

«Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги Исламабад шаарынын администрациясы жана укук коргоо органдары менен үзгүлтүксүз байланышта турат», — деп айтышты ведомстводон.

Буга чейин пакистандык журналист Омар Крейши соцтармактарда «Таблиги Жаамат» кыймылынын мүчөсүндө, тагыраагы Исламабаддын мечитинде жүргөн Кыргызстандын жаранында коронавируска карата тест оң чыкканын билдирген.

«Жергиликтүү аткаминерлер айтып беришкендей, мечиттин бийлиги ал вирус жуктуруп алганын билишкен жана ал башка адамдар менен байланышпашы үчүн эч нерсе кылышкан эмес», — деп жазган журналист.