Улуттук банк коронавирустан улам кредиттер боюнча төлөө мөөнөтүн узартат

Коронавирустун жайылышынан улам Кыргызстан чек араларды жабуу, өлкө боюнча карантин жана өзгөчө кырдаал режимин киргизүү боюнча бир катар чараларды кабыл алды. Бул чаралардын таасиринен улам көптөгөн кыргызстандыктар финансылык кыйынчылыктарды тартышууда, мисалы, адамдар көп чогула турган ишкерликке байланыштуу алынган кредиттерди төлөө боюнча.

Улуттук банк 23-мартта кабарлагандай, карантин убагындагы төлөмдөрү кечиктирилген кредиттерге узартуу колдонулат, бирок эгер кечигүү коронавируска гана байланыштуу болсо.

Кредиттер боюнча төлөмдөрдүн кечиктирилиши түз жана кыйыр да болушу мүмкүн, ал эми зайымчы — физикалык да, юридикалык жак до болушу мүмкүн. Тагыраак айтканда, бул насыя алган жарандар да, бизнеси үчүн чоң зайым алган ишкерлер да болуп саналат.

Мындай кредиттер үчүн айыптык төлөмдөрдү, анын ичинде кошумчаланган айыптык туумдарды салууга жана алууга тыюу салынат.

Улуттук банктын маалыматы боюнча, зайымчы жардам алышы үчүн кредиттик келишимдин шартын өзгөртүү өтүнүчү менен өз алдынча банкка кайрылышы керек (төлөмдөр боюнча мөөнөттү кийинкиге жылдыруу, кредит төгүү графигин өзгөртүү же мөөнөтүн өзгөртүү, пайыздык коюмду төмөндөтүү ж.б.).

Улуттук банк финансы-кредиттик уюмдарга берилген кредиттер боюнча төлөмдөрдү кеминде үч ай мөөнөтүнө узартууну сунуштайт.

«Банктар жана банк эмес финансылык-кредиттик уюмдар кредиттик келишим шарттарынын өзгөрүшүнүн ар бир учурун өзүнчө карап, зайымчыларга карата токтомдо көрсөтүлгөн өтөктөштүктүн ак ниеттүүлүк, аныктык, ишенимдүүлүк принциптерине таянып чечим чыгарат», — деп белгилешти Улуттук банктан.

Ведомстводон билдиришкендей, азырынча жаңы эрежелердин канча убакыт күчкө ээ болоору белгилүү эмес жана ал өлкөдөгү экономикалык жана социалдык кырдаалдан, ошондой эле коронавирустун эл аралык деңгээлде, Кыргызстандын ичинде жайылышынын таасир этүүчү масштабынан көз каранды болот.

Буга карабастан, ипотека боюнча тийиштүү чечим азырынча чыга элек.