Обсервацияга алынган 2014 жаран үй карантинине чыгарылды

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 25-мартта эртең менен өткөн Республикалык штабдын брифингинде Кыргызстанда коронавирустун жаңы учурлары катталбаганын билдирди. Ошондой эле ал коронавирус жуктургандардын арасында 71 жаштагы киши оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатканын белгилеп, калгандарынын абалы «канааттандырарлык» болгонун айтты.

«Обсервация жерлеринен лабораториялык изилдөөлөр тастыкталбагандыктан, андан сырткары эпидемиологиялык анамнездин негизинде обсервациядан кечээ 2014 жаран [үй карантинге] чыгарылган, азыр 585 жаран калды. Үйгө чыгарылган жарандардын бардыгы сөзсүз түрдө карантинди сакташы керек, үйдөн чыкпаш керек», — деди Акматова.

Кыргызстанда коронавирустун 42 учуру катталган. Алардын 17cи Жалал-Абад облусунун Сузак районунда, экөө Ала-Бука районунда, 11и Ош облусунун Ноокат районунда, 8и Кара-Суу районунда, бирөө Ош шаарында, бирөө Баткен районунда жана экөө Бишкек шаарында.

Мындан сырткары ооруканага жаткырылган дагы 4 адамдан алдын ала коронавирус бар деген жыйынтык чыгарылган, бул боюнча контролдук изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Ошондой эле 96 адамдын анализдери шек жаратууда, бирок азырынча анализ терс жыйынтыкты көрсөтүүдө. Бардыгы болуп 142 адам ооруканага жаткырылды — 68 эркек, 74 аял.

ТЕМА БОЮНЧА:

Coronalive: Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустун кырдаалы тууралуу нон-стоп трансляция